Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Баткен облусу, Баткен 07.02.2019 17:16

Баткен шаарынын аймагында өткөн жылы жашы жете электер тарабынан 15 кылмыш жасалган

Turmush -  Баткен шаарынын аймагында өткөн жылы жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалган 15 кылмыш катталган. Бул тууралуу Баткен ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган кылмыштардын ичинен 6 факты боюнча иш козголуп, 6 өспүрүи жоопкерчиликке тартылган. Ал эми өспүрүмдөргө карата 2 кылмыш жасалган. 71 өспүрүм Баткен ШИИБде практикалык атайын каттоодо турат. Анын ичинен 41 бала негиздүү себептерден улам каттоодон чыгарылган.

Учурда шаардын бардык мектептеринде окуучулар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×