Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Нарын облусуКочкор району 07.02.2019 21:00

Айыл турмушу: Карышкырдай уулуган мүнүшкөр К.Өмүров 30 жылдан бери бүркүт таптайт (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Шамшы айылынын 57 жаштагы тургуну Кутуке Өмүров 30 жылдан бери бүркүт таптап, мүнүшкөрлүк менен алектенет. Мүнүшкөр менен аймактык кабарчы таанышты.

«Атам Өмүр ителги кармады. Мен бүркүткө кызыгып, 30 жылдан бери бүркүт таптап келе жатам. Азыркы бүркүтүм жетинчиси, аты Акийин. Бир ай мурун Кочкордогу тоолордон кармагам. Табына келип калды. Жакында Ысык-Көл облусунда өтө турган салбурун оюнуна алып барам. Бул бүркүттөн үмүтүм чоң», - дейт Кутуке Өмүров.

Кутуке Өмүров: «Бүркүткө сый мамиле жарашат. Убагында тамак берип, таптап, көңүл буруу зарыл. Эгер курсагы тойбосо адамга кол салуусу мүмкүн. Акийинге чейинки бүркүттөрүмдүн айрымдары жоголуп, кээ бири ооруп өлүп калган. Бүркүт жакшы тапталса, карышкырга да кол салат. Бул канаттуу 1 айда адамга көнүп, айрымдары 3 айда табына келет», - деп кошумчалады ал.

Кутуке Өмүров мүнүшкөрлүктөн сырткары да мергенчиликке чыгат. Айылдаштарынын айтымында, карышкырдай уулуп, көк жалды чакырып, атып алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×