Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Талас облусуТалас району 07.02.2019 15:02

Айыл турмушу: Таластык чебер А.Кучубаева Бишкекке чейин барып, цехтерде иштеп кетет (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Козучак айылынын 29 жаштагы тургуну Акыйкат Кучубаева 10 жылдан ашуун убакыттан бери тигүүчүлүк менен алектенип келе жатат. Аймактагы кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кол өнөрчүлүккө болгон шык апасынан өткөн.

«Биз бала күнүбүздөн апама жардам берип, ала кийиз, шырдак жасап, оюм оюп чоңойдук. Ошондуктан бул өнөргө биздин көзүбүз каныгып калган десем да болот. Апам боз үй көтөрүп, анын кооздугу үчүн ала кийизге оюм түшүргөнбүз. Апам ошондо «эне көргөн кыз тон бычат, оюм ойгонду үйрөнгүлө» деп кыздарын катар отургузуп алып үйрөткөн эле. Кийин ар бирибизге өзү жасаган шырдакты белек кылган.

Мектепти аяктагандан кийин 1 жылдык кесиптик лицейде тигүүчүлүктү үйрөндүм. Ал жерден жакшы тажрыйба чогулттум. Ар түрлүү кийимдерди тиккенди үйрөндүм. Кийин кийим тигүүчү чоң цехтерде иштеп баштадым. Жаңы иштеп баштаганда кийимдерди бузуп алган учурлар болуп жатты. Бирок аны дагы бат эле өздөштүрүп кеттим.

Бул өнөрдүн менин жашоомо тийгизген пайдалары аябагандай көп. Өзүмдүн балдарымдын кийимдеринин көбүн өз колум менен тигип берем. Балдарым кандай кийим жактырган болсо бардыгын тигип бергенге аракет кылам. Өзүмө жаккан көйнөктөрдү интернеттен карап, өзүмө ыңгайлуу кылып тигип алам. Той көйнөктөрдү да өзүм тигип кием.

Көпчүлүк учурда Бишкек шаарына барып, иштеп келем. Ал жактан 1 айда орто эсеп менен 25-30 миң сом киреше тапсам, үйдө отуруп же буйрутма менен 8 миң сомго жакын киреше табам», - деди ал.

Акыйкат айым 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×