Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Баракелде, Бишкек 07.02.2019 14:58 На русском

Сүрөт — УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталинов сот залында

Бывший генпрокурор и глава МВД и ГКНБ Мурат Суталинов
Бывший генпрокурор и глава МВД и ГКНБ Мурат Суталинов
// АКИpress

Turmush -  Бүгүн, 7-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын мурунку башчысы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу камактан бошотуу боюнча сот отуруму өтүп жатат.

Сот залына 10го жакын конвоир алып келишти.

Жактоочунун берген маалым каты боюнча, Суталинов онкологиялык оорудан дарыланып жатат. Ал химиотерапия курсунан өткөнүн, ошондой эле дарыланууну улантып, иммуннотерапия курсунан өтүүсү зарыл экенин билдирди. Ал президенттин атына учурдагы мамлекеттик кызматкерлер, баатырлар, генералдык курам, медициналык кызматкерлер тарабынан жолдонгон кайрылуунун көчүрмөсүн кошо тиркөөнү суранды.

Ал эми прокурор каршы болгон жок. Судья болсо өтүнүчтү канааттандырды.

Мурат Суталинов 2005-2010-жылдары Башкы прокуратураны, ИИМди жана УКМКны жетектеген.

Буга чейин 2018-жылы 4-декабрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери камактагы Мурат Суталинов менен жолугушуу үчүн №47 абакка барышканы маалымдалган. Бирок ал жактан аны табышпаганын АКИpress агенттигине борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирген болчу.

Анын айтымында, М.Суталинов Улуттук онкология жана гематология борборуна которулганы маалым болду.

«Кечээ ал начар абалда экендиги жөнүндө маалымат пайда болду. Борбордун кызматкерлери бүгүн түштөн кийин андан кабар алууну пландап жатышат. Кабар алуу боюнча маалымат кийинчерээк берилет», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×