Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баракелде, Дүйнө 07.02.2019 14:17 На русском

Россиядагы абакта кыргызстандык жаран сабалган

Turmush -  Россиядагы Ярослав облусунун №2 Рыбинск убактылуу тергөө абагында (СИЗО) Кыргызстандын жараны Фуркат Юлдашевдин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «7х7» басылмасы маалымдады.

Кылмыш иши 2018-жылдын 15-ноябрында козголгону менен жабырлануучу суракка алына элек. № 2 Рыбинск абагынын кызматкерлери андан документке кол коюуну талап кылганда, ал орус тилин жакшы түшүнбөгөнүн шылтоолоп баш тарткан. Абактын кызматкерлери аны чечиндирип сабап, 2 күнгө темир торго камап койгон.

2017-жылдын декабрь айында №3 Углич жаза өтөө жайында кармалган Фуркат Юлдашевди ооруканага операция кылрууга жөнөтүшкөн болчу. Юлдашев менен кошо камакта кармалган дагы бир адам сабалган. Бирок ал азырынча жабырлануучу катары карала элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×