Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Талас облусу, Талас 08.02.2019 09:15

Айыл турмушу: 30 жыл мугалим болгон Марипа апа 30 жылдан бери чеберчилик менен алектенип келет (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 68 жаштагы тургуну Дарбекова Марипа апа 30 жылдан бери чеберчилик менен алектенип келет. Аймактык кабарчы чебер апа менен таанышты.

Өзүнүн айтымында кесиби боюнча мугалим. География сабагынан мугалим болуп 30 жыл эмгектенген. Учурда ардактуу эс алууда.

«Менин ата-энем чебер адамдардан болгон. Өрмөк өрүп, жүн тытып, шырдак жасашчу. Ата-энемдин кылган иштерин көрүп, аларга жардам берип чоңойдум. Кийин турмушка чыксам бул жактан кайын энем дагы кийиз менен иштеген чебер айым экен. Ошондо менде 3 адамдан үйрөнгөн чеберчилик бар.

Өзүм 30 жыл балдарга билим берип эмгектендим. Бош убакытымды сөзсүз курак курап, сайма саюу менен өткөрчүмүн. Азыркы убакта шырдакты шырып жасайм. Оюмду жана боёкту өзүмдүн идеям менен жаратам. Мен жасаган шырдактардын башка шырдактарга салыштырмалуу боёктору башкача. Анткени мен күлгүн түс менен көк түстү аралаштырып, башкача бир өңдү чыгарам. Алар жасалган шырдактарга көрк берет. 1 шырдак 2 ай дегенде шырылып бүтөт. Ал эми саймаларды эң көп дегенде 6 ай убакта сайып бүтөм. Илгерки саймаларга караганда азыркы саймалар такыр башкача. Атайын материалын 350 сомдон сатып алып келем. Жумушу өтө майда. Кызыгуум келсе түнкү саат 3:00го чейин сайма сайып отура берем. Эгер сайып келе жатып бир жери оюмдагыдай болбой, көңүлүмө жакпай калса дароо токтотом дагы башка жумушума өтүп кетем. Жасасам колумдан баары келет. Бирок такай отуруп иштебейм. Колум бош болуп калган убакта гана кармалап коём.

Андан башка кийиз менен иштейм. Көбүнчө кийиз менен сувенирлерди жасайм. Буйруса улуттук стилдеги паннолорду жасасам деген оюм бар. Жасаган эмгегимди эч убакта сатыкка чыгарбайм. Өзүмдүн балдарыма, кыздарыма жана неберелериме деп жасайм. Азыркы тапта небере кыздарыма деп шырдак жасап жаткан убагым. Турмушка чыкса себине кошуп берем. Ал эми өзүбүз дагы килем колдонбойбуз. Бөлмөлөрүбүздүн баарында шырдак төшөлгөн. Бул муздак өткөрбөйт жана ден соолукка пайдалуу. Айрыкча жаш балдарга жакшы», - деди ал.

Чебер апа 5 баланын, 20 неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×