Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Баракелде, Бишкек 07.02.2019 11:07

Акыркы суткада өлкө аймагында 10 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 11 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-февралда.

Бишкектин Октябрь районундагы С.Каралаев көчөсүндө жайгашкан батирде кир жуугуч автомат машинасы күйгөн. Өрткө электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болду.

Ушундай эле себеп менен Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсүндөгү үйдүн бөлмөсүндө өрт чыгып, полу күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×