Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Баракелде, Бишкек 07.02.2019 10:35 На русском

Бишкекте павильон өрттөнүп, 2 адам каза болду

Turmush -  Бишкек шаарындагы өрттүн кесепетинен 2 адам каза болду. ӨКМдин маалыматы боюнча, 6-февраль күнү Скрябин жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кароосуз калган павильондон өрт чыккан.

Темир тосмолор болгондуктан өрт өчүрүүчүлөргө тоскоолдуктар жаралып, Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары жардам көрсөтүштү. Өрт кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болгон. Маркумдардын жансыз денелери милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Учурда маркумдардын өздүгүн тактоо, өрттүн себебин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×