Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Баракелде, Дүйнө 07.02.2019 10:09 На русском

Россияда кыргызстандык, өзбекстандык адамдарды атып өлтүрүп, өрттөп кетишти

Turmush -  Россиянын Магнитогорск шаарында кыргызстандык жана өзбекстандык адамдарды атып өлтүрүп, өрттөп кетишти. Бул тууралуу News.ru басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, алардын денелери кичи автобус менен кошо өрттөлгөн. Эксперттер алар өрттөлгөнгө чейин эле атылып өлтүрүлгөндүгүн такташкан. Унаа өрттөнүп жатып жарылып кеткен. Каза болгондор Өзбекстан менен Кыргызстандын Махмуд Жумаев, Алишер Каимов жана Альмир Абитов аттуу жарандары экендиги аныкталды.

«Газель» үлгүсүндөгү унаа 1-январда Карл Маркс көчөсүндө өрттөлгөн. Буга чейин бул көчөдөгү көп кабаттуу үйдө жарылуу болгон. Окуя алар өлтүрүлгөнгө чейин 1 күн мурда болгон.

Расмий маалыматтарга караганда, унаадагы өрттүн үйдүн жарылышына эч кандай тиешеси жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×