Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 07.02.2019 09:04 На русском

Мурунку аялынын үйүнө түн ичинде барган Кутман кыздарын кошо сабап, бычак менен коркуткан

Turmush -  Кара-Көл шаардык соту Кутманга (ысымы өзгөртүлдү) козголгон кылмыш иш боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Кутман 2018-жылдын 12-августунда түнкү саат 01:00 чамасында мурунку аялы жашаган үйгө анын уруксатысыз барып, 13 жана 4 жаштагы кыздарын сөгүп, бычак менен коркутуп, түнү бою аларды сабаган деген айып тагылган. Кыздары денесинен жаракат алып, ооруканага түшкөн.

Мурунку аялынын айтымына караганда, күйөөсү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштейт. Ошол күнү ал мас болуп барганда экөөнүн ортосунда чыр чыгып, күйөөсү кокустан кызын чаап алган. Ал кыздарын бычак менен коркутуп, сабаган эмес. Ачууланган аялы күйөөсүн бычак менен коркутту деп арыз жазган. Ал эми сот отурумунда күйөөсүн кечиргенин айтты.

Иштин материалдары жана күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен толук таанышкан судья Кутманды күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратты. Бул жаза шарттуу деп эсептелип, 2 жыл сыноо мөөнөтүн белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×