Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Баракелде, Бишкек 07.02.2019 11:24 На русском

19 жаштагы Камиланын өлүмү: А.Салянованын АКШда кармалган агасы Кыргызстанга өткөрүлүп берилеби?

Камила Дуйшебаева
Камила Дуйшебаева
// Фото со страницы в соцсетях

Turmush -  Калыбек Эльтуйбасов (Салянов) 2018-жылы АКШнын аймагында миграция мыйзамын бузгандыгы үчүн кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда К.Эльтуйбасов Миссури штатынын Сент-Луис шаарында аны депортациялоо маселеси каралып жаткан соттук процесстин субъекти болуп эсептелинет. Кезектеги сот отуруму 2019-жылдын 6-февралына дайындалган.

ИИМ К.Эльтуйбасов кармалгандан бери АКШнын укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташып жатат. Кызматташуунун алкагында Америка тарапка Эльтуйбасов Эл аралык жазык полиция уюму аркылуу изделген адам экени маалымдалган. Ал оор кылмыштын бетин ачууда тергөөгө тоскоолдук жаратканы үчүн эл аралык издөөгө алынган. Тиешелүү маалыматтардын баары КРдин Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөн. Ал эми аны экстрадициялоо маселеси азыркы мыйзам боюнча Башкы прокуратурага карайт.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Бишкекте 5-февраль күнү өткөн маалымат жыйында билдиргендей, 19 жашында киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөөгө тоскоолдук жараткан шектүү Калыбек Эльтуйбасов (Салянов) миграция мыйзамын бузганы үчүн АКШда кармалган.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө ал Интерпол аркылуу изделип жатканы белгилүү болгон. Ал тергөөгө тосколдук кылууга, далил бумдарды жок кылууга шектелип жатат. Аны экстрадициялоо боюнча КРдин Башкы прокуратурасы аркылуу кайрылдык», - деди М.Каниметов.

Өз кезегинде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Калыбек Эльтуйбасовду экстрадициялоо боюнча талап жөнөтүлбөгөнүн, буга АКШ менен Кыргызстандын ортосунда экстрадиция боюнча макулдашуу жок экени себеп болгонун билдирди.

«Республиканын Башкы прокуратурасына ИИМ тарабынан К.Эльтуйбасовду экстрадициялоо боюнча тиешелүү материалдар жөнөтүлгөн жок», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин мурунку башкы прокурор Аида Салянова 19 жашында киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча коомду адаштырган маалыматтар тарап жатканын билдирген.

ИИМдин коллегиясында Калыбек Салянов Америкада кармалганы жана Кыргызстанга экстрадициялана турганы айтылган. Ал эми А.Салянованын айтымында, Калыбек Саляновго (А.Салянованын тууганы) адам өлтүрүү боюнча эмес, тергөө иштерине тоскоолдук кылуу фактысы боюнча айып тагылган. Буга саунадагы видеокамерага 2014-жылдын 10-мартында тартылган видеотасманын атайын өчүрүлгөнү себеп болгон эле.

К.Саляновдун айыбы сыртынан 2017-жылдын 29-июнунда угузулган. Ал учурда ИИМди Улан Исраилов жетектеп турган.

«Тергөөдө саунанын жетекчиси Алмамат Насыровду мажбурлап, Калыбек Салянов андан видеону өчүрүүнү талап кылгандыгы тууралуу көрсөтмө бердиртишкен», - деген А.Салянова, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү саясатташып, К.Саляновдун күнөөсү жоктугу тергөөдө аныкталганын белгилеген.

Ошондой эле Аида Салянова Башкы прокуратура жана ИИМдин жетекчилигине тергөөнү акыйкат жүргүзүү жана Калыбек Салянов эмне үчүн айыпталып жатканы тууралуу маалыматтарды коомчулукка ачык, так жеткирүү өтүнүчү менен кайрылган.

19 жаштагы Камиланын өлүмү

1995-жылы туулган К.Дүйшөбаева 2014-жылдын 10-мартында Бишкектин Достук кичи районундагы үйүнөн досторуна жолугуу үчүн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес. Ал досторуна жетпей, телефону өчүп калган. 16-мартта кечинде анын жансыз денеси Байтик айылындагы көрүстөндөн табылган. ЖМКлар укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен К.Дүйшөбаева каза болгонго чейин Калыбек Салянов менен телефон аркылуу байланышканын, экөө саунага барышы мүмкүн экенин жазып чыгышкан. Алгач К.Салянов күбө катары суралган.

Маалыматка караганда, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча ишти иликтөөнүн жүрүшүндө, тактап айтканда 2014-жылдын 22-мартында К.Э.Эльтуйбасов менен саунанын ээси А.Н. милиция иликтөө жүргүзүп жатканын билип туруп, саунадагы видеокамерадан 2014-жылдын 10-мартындагы видеотасмаларын өчүрүп салышкан. Мунун кесепетинен аталган кылмыш ишти объективдүү иликтөөгө тоскоолдуктар жаралган.

Аталган факты боюнча 2017-жылдын 29-июнунда ИИМ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 318-беренеси (тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылуу) боюнча кылмыш иш козголгон эле. Андан кийин К.Эльтуйбасов (Салянов) Кыргызстандын аймагынан тышка чыгып кеткени маалымдалган. Аны камакка алуу боюнча чечим чыгарылып, издөө жарыяланган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×