Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Чүй облусуАламүдүн району 07.02.2019 08:00 На русском

Айыл турмушу: 4 тилде эркин сүйлөгөн милиция кызматкери — Н.Сулейманова (сүрөт)

Turmush -  Чүй ОИИББдин Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын улук лейтенанты Наргиза Сулейманова төрт тилде эркин сүйлөйт. Погончон айым 1986-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал үй-бүлөлүү, бир баланын апасы.

«Мен Бишкек шаарындагы №24 орто мектепти аяктап, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин чет тилдер факультетинде билим алгам. Ошентип 2008-жылы котормочу кесибин алуу менен француз жана англис тилдерин үйрөнүп чыктым. Окуумду ушуну менен гана чектеп койбой, 2009-жылы Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык факультетине бардым. Ал эми эмгек жолумду Бишкек шаарындагы №6 мектеп-гимназиясынан англис тил мугалими болуп баштагам. Окуу менен жумушту бирдей алып кетүүгө болгон аракетимди жумшадым. Ошентип юридикалык билимимди 2013-жылы алып чыктым. Мени ушуну менен билим алууну токтотту деп ойлойсузбу? Жок. Кайрадан ушул эле окуу жайдын кылмыш-жаза укугу жана криминология кафедрасына аспирантурага тапшырып койдум.

2008-жылдан баштап И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетте эл аралык бөлүмдө башкы адис болуп иштедим. Бир убакта иштеп да, окуп да үлгүрүп жаттым. Жумуш менен университеттеги окуудан сырткары ар кандай билим берүү курстарына барып, кытай тилин үйрөнүп, сайт жасоо боюнча тажрыйба топтоп жана ат минүү машыгууларына катышчумун.

Менин хоббим бул – туризм, спорт жана бий. Чүй облусунун Ала-Арча капчыгайында жайгашкан Пионер чокусуна чыккам», - деди ал.

Наргиза Сулейманова ички иштер кызматына 2015-жылы келип, аралашып калган.

«Бала кезден Кыргызстаныма кандай салым кошсом деп ойлоно берчүмүн. Анан да кылмышкерлер менен күрөшүп, жөнөкөй адамдардын укугун коргогум келчү. Ошол кыялдарым түрткү болсо керек. Ички иштер кызматына киргениме аябай сүйүнөм. Менин жашоомдогу эӊ башкы милдетим – бул адамдардын укугун коргоп, коомдун тартибин сактасам дейм. Албетте, бул кесип оӊой кесиптерден эмес. Айрыкча аял кишилер үчүн кыйын эле. Бирок мен кыйынчылыктарга баш бербей, өзүмдүн беттеген максатымдан тайбай, аракетимди көрүп келе жатам. Аламүдүн ички иштер кызматынын жетекчилиги менен эмгек жамааты мага чоӊ түрткү, чоӊ жардам берип, ар тараптан колдоп келишет», - деди ал.

Погончон айым төрт тил билгендиги кесибине көп пайдасын бергенин баса белгиледи.

«Чет тилдерди билгеним бул кесибиме көп эле пайда алып келди. Кээде жумуш аркылуу чет элдиктер менен да сүйлөшүүгө туура келет. Мисалы, III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында бизге чет элдиктер көп келбедиби. Ошондо адашып кеткен же кандайдыр бир жардамга муктаж болуп калган чет элдиктерге тил билгенимдин пайдасы көп тийди.

Ушул жылдын январь айында милициянын подполковниги Р.М.Калиев менен бирге уурулук фактысы боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп, аз убакыттын ичинде кылмышкерди колго түшүрдүк. Уурдалган буюмдарды ээсине кайтарып, кылмышка шектүүнү мыйзам чегинде камакка алдык. Жабыр тарткан адамдарга тез арада жардам бергенди жакшы көрөм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×