Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуКочкор району 06.02.2019 22:09

Айыл турмушу: Фермер Б.Асанбеков сарымсакты узакка сактоонун жолун айтып берди (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусундагы Кочкор районунун тургуну Болот Асанбеков сарымсакты кургатып, узакка сактоонун жолун тапты.

Быйыл республикабызда дыйкандар картошка менен сарымсакты көп өстүрүштү. Сарымсактын бир килограммы 30 сом болуп, дыйкандардын өстүргөн эмгеги акталбай калды. Алармандар да жок. Жаз келсе сарымсактар өнүп, кургап жарабай калат. Мына ушул көйгөйдү чечүүнүн жолун Болот Асанбеков таап чыккан. Ал өзү да сарымсак айдап, эмгеги акталбай калган. Фермер үй шартында сарымсакты кургатып сактай баштады. Сарымсактын кабыгын аарчып чыгып, аларды бычак менен майда бөлүп чыгат. Бөлүнгөн сарымсактарды жалпак темир идишке жайып кургатат. Кургагандан кийин идиштерге салып, сактап коёт.

«Сарымсактын өтпөй, алармандардын аз болушу мени да ойго салды. Акыры чеснокту кургатып сактап коюуга эмнеге болбосун деген ойго келдим. Ошентип ойлогон оюмду ишке ашырдым. Как сыяктуу кургаган сарымсакты идишке салып, сактап койсо канча убак болсо да тура берет. Аны тамак-ашка салып колдонсо болот. Ошондой эле кургагандан кийин аны ундай майдалап, порошок түрүнө келтирсе да болот. Сарымсакты эт өткөргүч аркылуу же жанчып талкалоо менен майдалап коюп колдонсо узакка сакталат. Ошондой жол менен сактап колдонуу менен сарымсактын өнүп, жараксыз болуп калуу көйгөйүнөн кутулса болот.

Сарымсак жүрөк кан тамырын жөнгө салып, ашказан ичеги органдарынын кызматын калыбына келтирип, иммунитетти жакшыртат. Ошондой эле сарымсак чачты калыңдатуу, терини сулуулатуу үчүн пайдалуу. Бета-каротин көздүн көрүүсүнө көмөктөшсө, цинк организмдин сиңирүү кызматын жакшыртат. Аны колдонуу сасык тумоонун алдын алат», - деди фермер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×