Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Талас облусуТалас району 06.02.2019 17:03

Айыл турмушу: А.Кыдыралиева жолдошу экөө түлкү, карышкыр, ондатранын терилеринен тумактарды тигип сатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Манас айылынын 40 жаштагы тургуну Айзада Кыдыралиева жолдошу менен бирге кышкы тумак, тебетейлерди тигип сатып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Чат-Базар айылында төрөлгөн. Манас айылына 2000-жылы келин болуп келген. Баш кийим тигип ишкерлик кылганына быйыл 19 жылдын жүзү болду.

«Бул баш кийимдерди турмушка чыккандан бери жолдошум экөөлөп жасап келебиз. Жолдошум тарап мурунтадан эле жасашчу экен. Башында таякебиз баш кийим тикчү экен. Андан кайын агам үйрөнүп келиптир. Андан жолдошум үйрөнүп, эми ал ишти улантып келе жатабыз. Жолдошум окуучу кезинен аралашып, бул иштин чебери. Менин апам дагы иштүү киши болгон. Апамдын тигүүчү машинелерин колдонуп жүрөбүз. Убагында апам курак курап, халат тигип, туш кийиздерди сайма сайып жасачу. Мен аларды жасаганда жардамдашып, жанында болуп, көп нерсесин үйрөнгөм. 2000-жылы турмушка чыгып, мына 19 жылдан бери бул иш менен алектенип келем.

Тумак, тебетейлерди норка терилерден жасайбыз. Жергиликтүү норка терилерди базарга сатып келишет. Ондатранын терисинен көп жасадык. Азыркы кезде буйрутма аз болгондуктан ага басым коюп жасабай калдык. Карышкыр, түлкү, коён, каракүлдүн терисинен тумак, беретка өңдүү баш кийимдин түрүн тигебиз. Өзүбүз тигип даярдаган эмгектерибизди базарга алып чыгып сатып, аны менен катар кардарлардан буюртмаларды алып иштейбиз. Айымдар үчүн тумак 2-3 күндө даяр болуп, 3000-3500 сомго бааланат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле сезон убагында күнүнө 4-5 тумак тигиле тургандыгын белгиледи.

«Айрымдар пальтонун үлпүлдөгөн жакаларын алып келишет. Алардан дагы тигип беребиз. Буйрутма кандай келсе ошого жараша айрымдар жана эркектер үчүн баш кийимдер даярдалат. Атайын тери саткан балдар бар. Алардан союлган терисин алып келип, өзүбүз жууп-тазалап, тиешелүү каражаттарын колдонуп, кооз баш кийимдерди тигип беребиз. Негизи кышкы терилер жакшы болот. Күзгү терилер жакшы болбой калат. Анткени жүндөрү коюу эмес, суюк болот.

Көпчүлүк тургундар мурунку тумактарды алып келип, жаңы фасондогу тумактарды тиктирип кетишет. Эгер мурунку тумагы жакшы чоюлган териден жасалса, андан кайра эле бир баш кийим чыгарууга болот. Буйрутма көп берилет. 1 күндө 2-3 баш кийимге буйрутма болот. Сезон убагында күнүнө 4-5 тумак тигебиз. Булардын баарын жолдошум экөөлөп үйдөн эле даярдайбыз. Терини ашатып даярдагандан кийин аны өз ыгы менен кургатып, андан ары тигүү-бычуу ишине киришебиз. Жолдошум бычмачы, ал бычып берет, тигүү ишинен беркисин мен жасайм. Кардардын табитине жараша дагы ар кандай өңдөрдө даярдалат. Кээ бирлери боёп бер деп келишет. Аларды кара өңгө гана боёп беребиз. Интернеттен карап, жаңы фасондогу баш кийимдерди жасоону дагы ойлоп жүрөбүз.

Уулу кызым быйыл 11-классты бүтөт. Журналистикага кызыгат. Кичүү кызымдын жөндөмү байкалат, биздин жолду улайт деп коём. Өз алдынча куурчактарына жакшы көйнөктөрдү тигип берет», - деди ал.

Чебер-ишкер айым 4 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×