Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 06.02.2019 17:02

Катуу шамал «Чолпон-Ата суу канал» ишканасынын чатырын учуруп кетти

Turmush -  Бүгүн, 6-февралда саат 16:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында ылдамдыгы секундасына 15-28 метрге жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шамал «Чолпон-Ата суу канал» муниципалдык ишканасынын профнастил менен жабылган чатырынын 185 чарчы метрин учурган. Учурда жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×