Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Баракелде, Бишкек 06.02.2019 17:01 На русском

Бишкектеги жол кырсыктан өспүрүм жабыркады

Turmush -  Бишкекте «Хонда Фит» менен кичи автобустун кагышуусунан 15 жаштагы өспүрүм жабыркады. Окуя бүгүн, 6-февралда болжол менен саат 13:00 чамасында Дэн Сяопин менен Кайназарова көчөрүнүн кесилишинде болгонун ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кичи автобус «Хонда фит» автоунаасына урунганда, ал 2003-жылы туулган өспүрүмдү сүзгөн. Бул жол кырсыгы кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Автоунаа айып пул төлөнүүчү жайга киргизилип, материалдар тергөө органдарына жөнөтүлдү. Өспүрүм учурда ооруканада.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×