Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Баракелде, Бишкек 06.02.2019 16:19

Кичинекей кызды алдап өпкүлөгөн киши изделип жатат. Видео

Turmush -  Бишкек шаарында белгисиз адам кичинекей кызды алдап өпкүлөп кетти. Бул тууралуу «Репортер» басылмасына окурман билдирди.

Анын айтымында, видеобайкоого түшүп калган тасманы ага Аламүдүн-1 кичи районунда жашаган адам жөнөткөн. Видеодон белгисиз адам кичинекей кыз менен сүйлөшүп, андан кийин ага бир нерсе берип, алдап өөп жатканы көрүнгөн.

Окурман бул окуя боюнча тиешелүү органдардан чара көрүүнү суранып, ата-энелерге өз балдарына тыкыр көңүл бурууну эскертти.

Учурда видеодогу адамдын өздүгү такталып жаткандыгын АКИpress агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

«Бул окуя Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында катталып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилди. Белгисиз адамдын өздүгүн тактоо аракеттери жүрүп жатат», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×