Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ош облусуАлай району 09.02.2019 20:18 Жаңыланды: 09.02.2019 20:38

Айыл турмушу: Алайлык Патила Бекетаева 20 жылдан бери боз үйдү изилдеп, китеп жазды (сүрөт)

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылынын 55 жаштагы тургуну Патила Бекетаева 20 жылдан бери боз үйдү изилдеп, китептерди жазды. Ал боз үйдү изилдеп калуусуна түшү себеп болгонун аймактык кабарчыга айтып берди.

Патила Бекетаева: «Бир күнү кошунама боз үй тигүүгө жардам бергени бардым. Ал жерден боз үй боюнча көп маалымат топтодум. Анын ичи экиге бөлүнөрүн — оң жак эркектерге, сол жак аялдарга тиешелүү экенин ошондо билдим. Буга чейин боз үйдө жашаган эмесмин. Ошол күндөн тартып боз үй менин түшүмө кире баштады. Кызыгып, маалымат топтоп, жазып жүрдүм. Той-аштарга барганда улгайган апалардын берген ак баталарынан да боз үй тууралуу көп сөздөрү уктум. Буга чейин бир да жолу байкаган эмесмин. Алар "керегедей керилген келин бол, ууктай узун күчтүү жигит бол" деп бата бергенден кийин кызыгуум күчөп, боз үй боюнча маалымат топтой баштадым», - деди ал.

Патила Бекетаева 2002-2004-жылдардан баштап боз үйдүн чиймелерин чийип, Кыргызстандын тарыхын жана Куран китебинин кыргызча котормосун окуп, көп маалыматка ээ болгонун айтты.

«Китеп окуганда чыгарманын ички дүйнөсүнө сүңгүп кирип кетчү элем. 1990-жылдары Эрнис Турсунов агабыздын кыргызчага которгон куран китебин сатып алдым. Ошол күндөн баштап изденип баштадым. Башка китептерди да окуп, керектүү маалыматты алгандан кийин боз үйдү кененирээк талдап, изилдедим. Ааламдын ички дүйнөсүндө адамзат убактылуу жашап, ааламга кызмат аткарып өтөт. Адамзаттын аткарган кызматы аалам үчүн, бизге өзүбүз үчүн жасагандай сезилет.

Боз үйдүн жасалышы өзүнчө философиялык мааниге ээ. Укмуштуудай көркөмдүккө, математикалык так эсепке жана физикалык тең салмакка ээ. Жалаң мал чарбачылык менен жан баккан элге каалаган жерге — мейли тоодо, мейли түздө жашоого шарт түзгөн үйдү жаратып алуусуна жашоо-тиричилик өзү мүмкүнчүлүк берген. Калк жашаган аймактарда керектүү жыгачтар болгон. Кыргыздар боз үйдүн азыркы түрүн жаратуу үчүн турмуштук тажрыйбаларын, талантын, акыл-ойлорун жана кол өнөрчүлүгүн жумшаган. Боз үй — көчмөн элдердин биргелешкен акыл-ойлорунан жаралган жеңил, чечкенге, тиккенге оңой, жайында салкын, кышында жылуу, жөнөкөй, улуу эстелиги, ыйык куту жана кол өнөрчүлүгүнүн туу чокусу болуп келген», - дейт ал.

Патила айымдын айтымында, боз үйдүн канаты төрткө бөлүнүп, 4 мезгилди чагылдырып турат. Ал эми ар бир канатындагы керегелердин көздөрү 1 айдагы 30 күндү эстетет. Ууктардын түндүккө бириктирилишинен күндүн узарып-кыскарганын билүүгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×