Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Баракелде, Дүйнө 06.02.2019 14:07 На русском

Американын соту Кыргызстандын мурунку элчисинин уулун 3 жылга камады

Turmush -  Американын Вирджиния штатындагы Чыгыш округунун соту ок атуучу куралдарды сатууга айыпталып жаткан 29 жаштагы Тенгиз Сыдыковго карата 2018-жылдын 21-декабрында өкүм чыгарды. Ал — Кыргызстандын Америкадагы мурунку элчиси Замира Сыдыкованын уулу.

«Дело №» гезитинин маалыматы боюнча, Т.Сыдыков 3 жылга эркинен ажыратылган. Учурда үй камагындагы айыпталуучу 20-февралдан тарта жаза өтөөгө жөнөтүлөт.

Бул кылмыштын катышуучусу катары айыпталып жаткан Эльдар Резвановго карата 4 жылга эркинен ажыратып, депортациялоо чарасы колдонулган болчу.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Washington Post АКШнын Вашингтон шаарында жашаган чет элдик 2 жаран ок атуучу куралдарды Чеченстанга аткезчилик жол менен жөнөтүүгө шектелип кармалгандыгын кабарлаган.

Вирджиния штатынын Чыгыш округунун прокуратурасынын маалыматына караганда, Тенгиз Сыдыков менен Эльдар Резванов (ошол учурда 27 жашта) 2018-жылдын 27-февралында кармалган. Аларга ок атуучу куралдарды сатуу, аткезчилик боюнча айыптар коюлду. Шектүүлөр 100дөн ашык курал сатып алып, аларды ашкана буюмдары жана унаалардын отургучтарынын төшөктөрү деп белгилеп, лицензиясы жок Чеченстанга жөнөтүүгө аракет жасашкан. Почтанын кызматкерлери муну полицияга кабарлап, алар мындай жүктөрдү дээрлик ар бир күнү жөнөтүп турушкандыгын билдиришкен. Кийинчерээк Тенгиз Сыдыков үй камагына чыгарылган.

Замира Сыдыкова АКИpress агенттигине Тенгиз Сыдыков анын уулу экендигин тастыктап, бирок анын курал жөнөтүүгө тиешеси жок экендигин билдирген болчу.

«Балам качандыр бир кезде аны (шектүүнүн бири) менен бир батирде турган. Бул иш ошол жигитке тиешелүү окшойт. Балам азыр башка жакта жашайт. Ал Резвановдун кармалганын билгенден кийин аны колдоо же кармалуунун себебин билүү үчүн полициянын мекемесине барыптыр. Жагдай териштирилгенге чейин деп аны дагы кармашыптыр. Бул 72 саатка формалдуу эле кармоо. Сот кармалгандарга карата айыпты кабыл алуу же кабыл албоо боюнча чечимди кабыл алат. Чындыгында азырынча айыптоочу корутунду жок. Менин баламдын буга катыштыгы жок. Ал жөн гана ошол бала менен батирде чогуу жашаган», - деген ал.

Сыдыкова уулу Тенгиз Сыдыков IT-компанияда иштей тургандыгын кошумчалаган.

Замира Сыдыкова 2005-2010-жылдары Кыргызстандын АКШдагы элчиси, андан кийин «Республика» басылмасынын башкы редактору болуп эмгектенген.

Сүрөт З.Сыдыкованын интернеттеги баракчасынан алынган

Замира Сыдыкова и Тенгиз Сыдыков

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×