Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Баракелде, Бишкек 06.02.2019 13:09 На русском

Өкмөт айдоочулардан камсыздандыруу келишимин талап кылуу мөөнөтүн жылдырууну колдойт

Turmush -  Өкмөт «Автоунаа каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу келишими» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгесин колдойт. Милдеттүү камсыздандыруу келишими (ОСАГО) жол кыймылынын катышуучуларына кошумча финансылык көйгөйлөрдү жарата турганы эске алынып, өкмөт бул мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2021-жылга жылдыруу туура болот деп эсептейт.

Бул мыйзам 2015-жылдын 24-июлунда кабыл алынып, 2016-жылдын 7-февралына чейин жылдырылган болчу. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары 2016-жылдын январында бул мыйзамдын күчүнө киришин 3 жылга, тактап айтканда 2019-жылдын февралына чейин жылдырышкан.

Автоунаа каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу келишими же ОСАГО жол кыймылынын катышуучуларынын кызыкчылыгын коргоого багытталган. Камсыздандыруу келишиминдеги полис жолдогу кыймылдын бардык катышуучуларынын: унаанын айдоочусу, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөгү жүргүнчү, мал-жандыктардын ээлери, курулуштар жана имараттарды коргойт. Мисалы, эгерде унаа турак үйдү же малды сүзүп кетсе камсыздандыруу келишими аркылуу алардын ээлерине чыгым төлөнөт. Жол инфраструктурасына чыгым келтирилген учурда каражат мамлекетке же муниципалитетке төлөнүп берилет. Бирок эске алуучу жагдай, эгерде мал-жандык катышкан кырсык түнкүсүн болсо бул учурда алардын ээлери күнөөлүү болот.

Кыргызстанда камсыздандыруу полисинин бир жылдагы орточо баасы — 2 миң 500 сом деп көрсөтүлгөн.

Келишим аркылуу камсыздандырылуучу сумма: Ар бир жүргүнчүгө ден соолугуна же өмүрүнө келтирилген зыян үчүн 100 сомдон 300 миң сомго чейинки каражат төлөнөт. Мүлккө келтирилген зыян үчүн — ар бир жабырлануучуга 150 миң сомдон жогору эмес, ал эми жалпы жабырлануучуларга 450 миң сомдон жогору эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×