Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Ош облусуНоокат району 06.02.2019 12:28

«Микрофонду өчүрбөй, суроонун жообун айтып алгам»: Ноокаттык Жумабектин түз эфир учурундагы кызыктары (сүрөт)

Turmush -  Жумабек Акбарали уулу 5 жылдан бери радионун түйшүгү менен үзүрүн көрүп келе жатат. Ал мыкты ашпозчу жана уста экенин белгилеп, жумушундагы кызыктуу окуяларды аймактык кабарчыга айтып берди.

Жумабектин айтымында, диджей болууну мектепте окуп жүргөндө эле кыялданчу. Ал учурда радиолордун биринде эмгектенет.

«Ар бир кесиптин татаал жана жагымдуу жактары бар. Кесип, жумуш тандоо өзүңдүн жөндөм-шыгыңа да жараша болот экен. Ошентсе да радиодо иштөө ары түйшүктүү, ары татаал. Буга карабай ушул тармакты тандап алгам. Диджей болуу менин мектепте окуп жүргөндөгү кыялым болчу. Саламатсыздарбы ардактуу угармандар, деп сүйлөй берген адатым бар эле. Эң негизгиси көрүнбөгөн жылдыз болуп, сырдуу микрофондун артында сүйлөп, элге кызмат кылып, менин үнүмдү уккан адамга жакшы маанай тартуулап, сүйлөгөн сөзүмдөн угарман таасирленсе дечүмүн. Жүрөктөгү каалоом диджей болууга, радиодо иштеп калуума себеп болду. Каалаган нерсеге жетүүгө мүмкүн экенин радиодо иштеп жүрүп түшүндүм. Ошондой эле радиодо иштөө, угармандын көрбөй туруп, кандай адам экениңди сүрөттөп айтып берүүсү абдан кызыктуу», - деди ал.

Диджей радиодо иштеген адам негизгиси угармандын көңүлүн табышы керектигин айтат.

«Негизи жеңил жумуш жок. Түз эфирде угарман менен иштешүү, угармандын оюн, каалоосун сезе билүү, көрөгөч болуу жана көңүлүн көтөрө билүү, үн менен ар бир эмоцияны так жана туура жеткирүү өзүнчө бир түйшүктү талап кылат. Ал эми эфирдеги сөзүңдөн угарман таасирленип, жакшы жакка өзгөрсө биз үчүн жагымдуу болот. Кандай кыйынчылык болбосун жумушуңду сүйүп аткарсаң, түйшүгү деле көзгө көрүнбөй калат экен. "Канчалык кыйынчылыкты көп көрсөң, жашоодогу сыноолорго туруштук бере аласың" дегендей мен да радионун оор жүгүн аркалоого аракет кылам. Жараткан мага ырыскыны дал ушул чөйрөдөн бергендиктен максатым — эл-жериме кызмат кылып, элдин сүймөнчүлүгүнө айланып, артымдан из калтыруу», - дейт ал.

Жумабек эфир учурунда кызыктуу, күлкүлүү окуяларга көп кабылат. Ошондой эле аны көчөдөн үнүнөн таанып калгандар да болот.

«Эфирде күн сайын кызыктуу окуялар болот. Алардын арасынан эфирге жаңы чыгып жаткандагы окуям эсимден кетпейт. Бир ирет толкунданып, саат төрт болгондо алты деп айтып алып, микрофонду өчүрбөй, жанымдагы кесиптешим менен сүйлөшүп отура бергем. Ошондой эле эфир учурунда суроо берип, анын жообун кошо айтып алган учурлар болгон. Азыр деле ушундай кызыктар болуп турат.

Көчөдө бара жатканда үнүмдөн таанып калгандар болот. Таксиде же коомдук жайларда досторум менен сүйлөшүп калсам, адамдар карап калышат. "Радиодо иштебейсизби, үнүңүз тааныш болуп жатат" деп сурагандар болот. Мындай сөздөрдү угуу ар бир диджей үчүн жагымдуу. Эфирдин артында болсоң да сени таанышса жакшы экен», - деди диджей.

Бош убакта устачылык менен алектенип, ашканада түрдүү даамдарды жасаганды жактырган Жумабек: «Ырчы катары да өзүмү сынап келем. Өзүм ыр жазып, кээде обон чыгарууга да эргүү келет. Репертуарымда 2 клип, элге тарай элек 15тей ырым бар. Учурда ОшМУнун искусство факультетинин эстрада бөлүмүндө окуп жатам. "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дегендей устамын десем да болот. Ашканада анча-мынча адамды алдыма салдырбайм. Пицца, суши жана башка тамактарды жасайм», - деди.

Ал Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көтөрмө айылында төрөлүп өскөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×