Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Талас облусу, Талас 07.02.2019 20:20

Жайлоодо ичи ооруган журналист кыз, түндөгү коркутуулар: Оператор К.Мейманбековдун ишиндеги кызыктар (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 25 жаштагы тургуну Калмурат Мейманбеков 5 жылдан бери жергиликтүү телеканалда оператор болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Көпүрө-Базар айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча электрик жана эсепчи. Ал эми оператордук кызматка кызыгуусу менен келип эмгектенип калган.

«Менин телеканалда иштеп калуума досум себепчи болгон. Мен камерага жакын экенимди билген досум «жергиликтүү телеканалда бош орун бар экен, кайрылып көр» деп сунуштаган. Бул жерде өтө билимдүү адамдар, курч журналисттер иштейт, мени кабыл албайт болуш керек деп баргам. Бирок жетекчи «эгер шыгың бар болсо иштеп көр» деди. Ошондогу сүйүнчүмдү сөз менен айтып жеткире албайм. Көз алдыма биринчи эле журналисттер менен иштешип, чиновниктерди камерага тартып жатканымды элестеттим. Телеканалдын камераларын биринчи жолу колго кармадым. Ошондогу учур азыр деле көз алдымда турат. Ал учурда бул камералар мага өтө чоң жана оор көрүнгөн.

Башында кыйынчылыктар көп болду. Көп нерсени биле албай, жумушка көнө албай кыйналып жүрдүм. Ал кезде маянам дагы өтө аз болгондуктан кошумча жумуштарда дагы иштечүмүн. Акырындык менен билбегенимди үйрөндүм. Баарын үйрөнүп, өз алдымча алып кеткенче оператор Чыңгыз жана Тургун деген акелер жардам берип турушту. Убакыттын өтүшү менен такшала баштадым. Көп кыйынчылыктар артта калды. Мээнетимдин арты менен сыйлыктарга ээ болдум. Жакшы иштегеним үчүн мени башкы оператор кылып шайлашты.

Биздин жумушта кесиптештер абдан ынтымактуу. Бири-бирибизди кандай кырдаал болбосун чыгарып кетүүгө бел байлайбыз. Ошондой эле журналисттер дагы биз менен «кандай кылып тартсак элге жагымдуу болот» деп акылдашат. Журналисттердин ою менен операторлордун ою дал келиши керек. Оператордун көз карашы менен жөнөкөй адамдын көз карашы башкача болот. Анткени алар айлананы жөнөкөй эле көз караш менен карашат. Ал эми биз камера менен карап, ошол айлана-тегеректи чагылдырып алышыбыз татаал болот. Кандай гана кино же башка нерселер болбосун экран артында операторлор турат», - деди ал.

Каарманыбыз мындан тышкары жумуш учурундагы кызыктуу окуяларды айтып берди.

«Жумушка жаңы орношкондо эч нерсе билбейм. Айдап кел, байлап келге жарачумун. Же кабарчылар менен иш-чараларга чыгайын десем мени кошпой кетишер эле. «Сен тартканды билбейсиң, бизди уят кыласың, мен сен менен барбайм» деген эжекелер көп өтпөй мени талашып калышкан (күлүп). Себеби мен мыктылыгымды көрсөтө баштагам. Азыр болсо убагында мени чанган эжекелер мени талашып «сени менен барам» деп чуркашат. Жумуш учурунда башымдан көп нерсе өттү. Коркутуу учурлар да болбой койбойт. Көбүнчө түндө рейдге чыгып тартабыз. Ал учурда ар кандай адамдарга туш болобуз. Кээ бирлери «камераңды жок кылам» десе, кээ бирлери «өзүңдү жок кылып кетем» деп коркутушат. Ал учурда күлүп гана кутулуп кетем.

Айылдарга чыгып, карапайым элдин өнөрлөрүн тартып келебиз. Көп жерге барып жүргөндүктөн бир тарткан адамды унутуп коём. Кээ бирлери «мени телевизорго чыгарган бала» дешип сүйүнүп, бетимден өөп кеткендери да болот (күлүп).

Бир жолу журналист кыз экөөбүз жайлоого барып, иш-чараны тартып келмей болдук. Узак жол жүргөндүктөн аябай чарчап, суусап калыптырбыз. Жайлоодогу эл бизди күтүп турушуптур. «Алыс жолдон келдиңер, кымыздан ичкиле» деп кымыз куюп беришти. Алар куюп берсе биз унчукпай иче бердик. Бир убакта эл чогулуп, иш-чара башталып калды. Башында жакшы эле тартып баштагам. Кымызды көп ичип алганганбы бир убакта ичим ооруп баштады. Кабарчы кызды карап көзүм менен жаныма келүүнү өтүндүм. Ал жакшы түшүнбөй калгандыктан колум менен ичимди көрсөтүп түшүндүрдүм. Ал мен келгенче тартып турган. Бир убакта ал дагы колу менен ичин сылап көрсөтүп, мени чакырды. Ошентип экөөбүз жарым саат сайын алмашып тартканбыз. Азыр ошол окуяны эстесем күлкүм келет (күлүп). Экөөбүз каткырып, бири-бирибизди шылдыңдап келе берип, камерага тартчу жерибизди унутуп коюптурбуз. Жарым жолго жеткенде эстеп кетип, 4 км жерге кайра жөө барып, тартып келгенбиз», - деди ал.

Калмурат үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси. Жакында үйлөнүүгө кам көрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×