Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 06.02.2019 09:40 Жаңыланды: 29.03.2019 21:39

Айыл турмушу: Базар-коргондук мугалим Б.Темирбаев жайы-кышы жумуртка тууган декалб тоокторун көбөйтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагынын 57 жаштагы тургуну Бахадыр Темирбаев тоок фермасын иштетип келет. Аймактык кабарчы элеттик ишкер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда анын фермасында декалб породасындагы 350 тоок бар. Алардын 96 пайызы тууп, бир күндө 330дай жумурка алат. Жумурткалардын бир даанасын аймактагы соода түйүндөрүнө 5,5 сомдон сатат.

«Буга чейин тоок багууга кызыгып жүргөм. Жеке тоок фермамды ачып, ишкерчилик менен алектенсем деген оюм бар эле. Алгач бул боюнча тоок ферма иштеткен тааныштарымдан сурап жана интернет булактарынан изденип жүрдүм. Ошентип маалымат топтоп, бул иштин жол-жоболорун билип калгандан кийин өткөн жылы 350 баш тоокту 4 айлык кезинде 300 сомдон алып келдим. 5-айдан баштап бул тооктор жумуртка бере баштады. Андан кийин 500 тоокко ылайыкташкан сарай салдым. Учурда ишим мен ойлогондой болууда», - дейт Б.Темирбаев.

Анын айтымында, ишин мындан дагы жакшыртуу максатында тоок багуу боюнча атайын билим алып, окуудан өтүп келген. Эми ушул жылы тооктордун санын 1 миңге чейин жеткирүүнү пландап жатат.

«Декалб породасындагы тооктор таза болушат. Жем гана жеп, курт-кумурска жебегендиктен жумурткалары тамак сиңирүүгө жеңил болуп саналат. Тооктор жайы-кышы тууйт. Бул тоокторго күнүнө эки маал жем, бир маал суу берем. Жемди атайын Жалал-Абад шаарынан 1 килограммын 25 сомдон алып келем. Бир тоок күнүнө 120 грамм жем жейт. Дайыма кыгын тазалап, кургактап турам. Бир тоок жалпы 500 жумуртка бергенден кийин аны 200 сомдон этке тапшырам. Мындан тышкары, тооктор оору-сыркоодон алыс болушу үчүн убагында эмдөө жасап турам», - деди фермер.

Бахадыр Темирбаев тоок багуудан тышкары айылдагы мектепте мугалим болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×