Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Баткен облусуКадамжай району 05.02.2019 18:41

«Кадамжай» сурьма комбинатынын кызматкерлери маяналарын ала албай жатышат

Кадамжайский район
Кадамжайский район

Turmush -  Кадамжай районундагы «Кадамжай» сурьма комбинатынын кызматкерлери 2018-жылдын декабрь айынын эмгек маянасын ала албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, маянасын ала албай жаткан жумушчулар аким Жаныбек Исаковго кайрылышты. Ж.Исаков жолугушууга барып, комбинаттын жетекчилигине эмгек акыны берүүнү тездетүүгө тапшырма берди.

«Кадамжай» комбинатында жалпысынан 529 жумушчу бар. Аларга берилүүчү айлык акы 11 млн 700 миң сомду түзөт. Жумушчулардын орточо эмгек акысы 5238 сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×