Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Талас облусуТалас району 05.02.2019 19:50

Айыл турмушу: Таластык Ш.Байтереков көк бөрү десе ичкен ашын таштап, оюнга кетет (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Жоон-Арык айылынын 33 жаштагы тургуну Шамилкан Байтереков 20 жылдан бери көк бөрү ойноп, ийгиликтерди багындырып келүүдө. Аймактык кабарчы улакчы мырза менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Талас районунун «Нуржанов» командасынын оюнчусу.

«Атам «биздин чоң аталарыбыз мыкты улакчылар, саяпкерлер болушкан» деп айтып калат. Атам өзү улакчы болгон. Азыркы убакта күлүктөрдү таптайт. Акелерим дагы атка кызыгып, ат багып жүрүшөт. Мен болсо чоң аталарымдын, атамдын жолун улап, улак чаап келем. Улакка болгон кызыгуум 13 жашымда башталган. Улуу акелериме кошулуп ойноп, аралашып жүрдүм. 1 жылдан кийин айылдагы командаларга кошулуп ойноп жүрдүм. Мектепти аяктагандан кийин чоң командаларга аралаша баштадым. Башында «Талас» командасында ойноп, көп ийгиликтерге ээ болдук. Райондук, облустук, республикалык оюндарга чыгып, байгелүү орундарга ээ болуп келдик.

Көк бөрү оюну башка оюндарга караганда татаал. Ойноп жаткан учурда өзүңдү эле эмес, минип жүргөн атыңды дагы башкара билишиң керек. Ошондой эле оюн учурунда өзүңдү оюнчулар арасында алып жүрүүнү да үйрөнүү керек. Оюнда бирде жеңилүү, бирде жеңиш болот. Бирок жеңишке жетүү үчүн болгон аракетиңди жумшап ойнойсуң. Күндүн ысык-суугуна карабай оюн жүрө берет. Оюндан жаракат алган учурлар көп болот. Көбүнчө аттан жыгылып түшүп, колу-бутубузду чыгарып, терибизди сыйрып алган учурларыбыз көп болот. Өзүң жаракат алсаң дагы кийинки оюнга чыгыш керек болуп, далбастап аракет кыласың. Оюнга чыкпай калсам бир күндүк күнүм кейиштүү өтөт. Анткени көк бөрү оюнсуз жашоомду элестете албайм. Күн сайын болбосо дагы, күн алыс ойноп турушум керек. Бул нерсе менин күнүмдүк жумушума айланган десем болот.

Оюнга 2 жума калганда командабыз менен даярдык көрүп баштайбыз. Минип жүргөн аттар өзүбүздөн чыкса өзүбүз оюнга даярдап, таптайбыз. Өзүм ат багууга кызыккандыктан минип жүргөн күлүктү бапестеп карайм. Убагы менен даярдык көрүп, маал-маалы менен жемдерин берем. Эң жакшы даярдык мурдагы оюнда кетирген каталарды кийинки оюнда кайталабоого аракет кылуу» - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле улак чаап жүрүп сүйүктүүсүн кездештирип, баш кошконун кошумчалады.

«Командабыз менен айылдарга барып ойноп жүрчүбүз. Бир күнү Талас районунун Көпүрө-Базар айылына барып, ошол жактын жигиттери менен улак ойноп келмей болдук. Мен ошол айылдан сүйүктүүмдү кездештирдим. Бир көрүп жактыргам. Бирок оюнга алаксып, тааныша албай калгам. Кийин өзүнчө атайын барып, таанышып келгем (күлүп). Биздин баш кошуубузга көк бөрү оюну себеп болгон. Улактын арты менен өмүрлүк жарымды тапкам. Жубайымдын аты Зулфира. Экөөбүз 2006-жылы баш кошконбуз. Жубайым мени колдоп келет. Ортобузда 2 уул, 1 кызыбыз бар. Балдарым өзүмдү тартып улакчы болот окшойт, атка жакын», - деди ал.

Жубайы Зулфира айым жолдошунун ак көңүлдүүлүгүн баалай тургандыгын айтты.

«Улак десе жеп жаткан ашын таштап кетет. Улаксыз тынч отура албайт. Мен анын кызыгуусун ар дайым колдоп келем, сыймыктанам. 2 баласы атасындай улакчы болот окшойт (күлүп). Атка миндим дегиче жанынан чыкпай кошо ойноп келишет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×