Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Талас облусуТалас району 06.02.2019 09:24

Тирүүлөй күйгөн кемпир, 6 жаштагы баланы куткаруу, 1 айга созулган өрт: Куткаруучу Ф.Сейиталиевдин иш тажрыйбасы (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кум-Арык айылынын 39 жаштагы тургуну Фархад Сейиталиев 20 жылдан бери ӨКМде куткаруучу болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Мен биринчи Фрунзе шаарындагы Политехникалык институттун машина куруу бөлүмүн аяктагам. Кийин ИСИТО окуу жайынан жол кыймылын көзөмөлдөө адистигин алдым. 1998-жылы Өрткө каршы мамлекеттик кызматында слесарь болуп эмгектене баштадым. Ал жерде 2001-жылга чейин иштедим дагы, өрт өчүрүү кызматына которулдум. 2001-жылдан 2003-жылга чейин Бишкек шаарындагы №5 өрткө каршы бөлүмүндө өрт өчүргүч болуп иштедим. Андан соң Талас шаарына которулуп келип, №17 өрткө каршы бөлүмүндө иштедим. 2007-жылдан баштап инспекторлук кызматка өттүм. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Бакай-Ата райондук өрткө каршы бөлүмүн жетектедим. Учурда Талас облусунда ӨКМдин өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык куткаруу иштери боюнча башчысы болуп эмгектенем.

Ар бир жумуштун оору, жеңили бар. Биздин катардагы жигиттер мекенге кызмат кылабыз деп келген соң баарына чыдайбыз. Үй-бүлөдө тыл канча бекем болсо, жумуш дагы ошондой жакшы жүрөт. Шымдарыбыздын кырын чыгарып, үтүктөп, жакабызды ак кылып жөнөткөн жубайларыбыз. Ошол адамдардын колдоосунун аркасында ийгиликтерге жетишип келе жатабыз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле эсинде калган окуялары эскерди.

«Жумуш тажрыйбамда эсте калган учурлар көп эле болду. Жаңы өрт өчүргүч болуп иштеген кезим болчу. Биринчи жолу өлүмгө күбө болгом. 12 кабаттуу үйдүн 8-кабатынан өрт чыкты. Ал үйдө жалгыз пенсионер аял жашачу экен. Эшигин талкалап кирдик. Биз суу менен киргенде ток урбаш үчүн электр жарыгы өчүрүлдү. Кечке маал болчу, түтүндөн эч нерсе көрүнбөйт. Бардык бөлмөнү карап чыктык, адам табылбайт. Балкон туштан бир башкача жыт келди. Ошол жыт бүгүнкү күнгө чейин кетпей элестей берем. Күйүп калган адамдын жыты башкача болот экен.

Кийин 3-кабаттагы үй өрттөнүп, чакырууга бардык. Балконго коюлган шаты менен чыгып, 6 жаштагы баланы алып түшкөм. Ал бала үйүндө жалгыз калып, тамакты мешке ысытам деп коюп, унутуп калган экен. Анын кесепетинен өрт чыккан. Үйдүн көп бөлүгү күйүп калса дагы баланы куткарып алганбыз.

Бир жолу кафе өрттөнүп, чакырык түштү. Газ баллон жарылат деген жерге биздин ичибизден дагы мен кирем деп өз ыктыяры менен киргендер аз болот. Жарылып кетүү коркунучу чоң. Мен кирем деп атайын форма менен кирдим. Баллондун түбү чоң болуп, шишип калыптыр. Аркамдан 2 киши, муздатуучу техникалар менен турушту. Коопсуз жерге алып чыккандан кийин жарылды. Ичимден кудай сактады деп аябай сүйүнгөм», - деди ал.

Куткаруучу мындан тышкары айыл жергесинде малга деп жыйналган тоют чөп көп өрттөнө тургандыгын белгиледи.

«Таласта былтыркы жылы чоң өрт чыкты. Манас районунун Жайылган айылында өрт чыгып, 1 айга созулду. Бригада менен күнү-түнү жүрдүк. Бизде аба техникалары жок болгондуктан оор болгон. Негизи мындай учурда үстүдөн суу чачуу керек.

Өрт өзү бул кыйын жоо. Таласта, деги эле көбүнчө айыл жергесинде чөп өрттөнөт. Тоют чөп күйгөн учурда баарын чачып, чок калбашы үчүн суу чачып чыгабыз. Малчылар тоодо, калың карда калып калат. Жол кырсыктар катталат. Сууга малчылар агып кетип, көп күндөп издеп калабыз. Мал айдап кетип, аты менен агып, денелери суудагы таштын ичине кыпчылып калгандарды көп көрдүм», - деди ал.

Фархад Сейиталиев жубайы экөө 5 баланын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×