Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 05.02.2019 15:25

Россияда билим алып жаткан ОГПИнин бүтүрүүчүсү: Окуу жайыма терең таазим

Turmush -  Ош гуманитардык-педагогикалык институттун жамааты ар тараптуу кадрларды даярдап чыгаруу, билим сапатты жогорулатуу жана жаштарды коомдук иштерге активдүү катыштыруу менен коомго пайда келтирүү аракеттерин уланта бермекчи. Окуу жайдын миңдеген бүтүрүүчүлөрү мындай камкордук үчүн мугалимдерге ыраазы.

Алардын бири ОГПИнин табият таануу жана география факультетин аяктап, учурда Россиянын Урал Федералдык университетинин химия-техникалык институтунда магистратурада билимин улантып жаткан Исамидин кызы Айгүл. Ал мурун билим алган окуу жайына жана мугалимдерине кайрылуу жолдогон.

Анда: «Убакыттын зымырап учкан куштай бат өткөнүн бүгүн билип турам. Биринчи курска келген күндөрүмдө кенен окуу жайдын жүзүн тааныбай, жолдун алыстыгын артка таштап, бир айдын ичинде бир нече жолу айылга баргам. Ар бир барганымда атам: "Ушул жылы окуп көр, болбой калса өзүңдүн тандооң” деген сөзү мени окуу жай менен байланыштырды. Мына ошол күндөн тартып келечекке жол ачкан төрт жылдык убактымдын баалуу мүнөттөрү өткөн окуу жайымды Мекеним деп атоону туура көрдүм. Анткени сенден адамга эмне керек болсо баарын таптым. Эн негизгиси адамдык касиет, көөдөнү мээримге толгон агай-эжей, тубөлүктүү дос, өз тууганыңдай көргөн ага-эжелерди, өзгөлөрдүн өзүндөй болушун каалаган, жакшы сөз менен туура жолго салган улуу муунду таптым.

ОГПИден билим алганча ушул ийгиликтерди жаратарымды билген эмесмин, бирок ушундай ийгиликтер үчүн шарт түзүп бергени ар убак көз жаздымда кала берет. Алгач эле “Ала-Тоо жазы” фестивалы кылымга барктап жүргөнгө арзыйт. Окуу жайымдын желеги желбиреп, биринчи орун деген чоң жетишкендикти угуп, сахна артындагы кубанычтан чыккан көз жаштар, кучак жая куттукташкан асыл сөздөр, кобурашып жетишкен ийгиликти жар салгыбыз келген ысык жүздөр... Баалаганга татыктуу эмей эмне? Жараткан эгебиздин тартуу кылган күндөрү себеп болуп, жылына бир жолу куттуу жайыбыз үчүн белгиленчү күнгө дал келип, сенин туулган күнүңө бизден белек болсун деп алыстан саламдарды узатып жатпадык беле... Ооба, ал убактар сенин тарыхыңда кала берди. А ошол жылдарга туш келген менин тарыхымдын мааанилүү күнү болуп жашайт. Улуу күнгө себепчи болуп, жети дубанды бириктирген “Достук” фестивалы, аймактык олимпиада бизде өткөнү да тажрыйба топтоого себепчи болду. Ар тараптуу, ар тараптан келген достор менен таанышып, алар аркылуу эл-жер таанып, ийгиликтин сап башында жүрүп, жети дубанды, Өзбекстан өлкөсүн көрүү студент болгондун баарына эле буйурбаса керек. Жаштар комитети менен биргеликте окуу жайдын негизги таянычы болуп, көзгө көрүнүктүү иштерди алгылыктуу аткарып, “Тирек” кол өнөрчүлөр клубу аркылуу бир нече катылып жаткан таланттарды алып чыгууга жетиштик.

Мугалимдик кесиптин даңгыр жолун ачып, ар убак туура кеңешин берип, мектеп менен окуучуну айырмалап күрсөткөн агай-эжейлерге рахмат! Кээ бир учурда токсон мүнөттүк сабактан таасир албаганыма өкүнөм. Анткени билимдүү адамдын жан дүйнөсү гана билимдүү муунду тарбиялайт тура.

Мен сыяктуу кээ бирлердин жашоосу окуу жай менен байланышып калышына себепчи болгон, бар жан дүйнөсүн окуу жайга арнап, жамааттын татыктуу башчысы, адамгерчилиги бийик, кылган ишинин ар биринин артында күжүрмөн эмгек жаткан, биздин сүйүктүү агайыбыз Бекмурза агай бар болуңуз! Жөнөкөй деген сапаттын сап башында туруп, күнүмдүк тажрыйбаңыз менен үлгү болуп келесиз. Ар жолку студенттик эс алуудан келгенде жаңыланууну көрүп, дем-күч алып, жаңы окуу жылында куштарланып окуп жүрдүк.

Мен ОГПИде окугандан уялгам... А бүгүнчү?... Жок, башымды бийик көтөрүп, аталган окуу жайдын сыймыктуу бүтүрүүчүсү деп жүргөнгө ар убак кудуретим жетет. Сиздин ишмердүүлүк учурунда бир катар өзгөрүүлөр, жаңылануулар, билим тармагында конкреттүү өсүүлөр болду. Убагы келип, тарых барактарында мына ушул адал эмгектер алтын тамгалар менен жазылат десем жаңылышпас чыгаармын. “Биздин билимканада таза, карапайым үй-бүлөлөрдүн балдары окуйт. Байдын баласында силердегидей бакыт жок” деген пикириңиз канча студентти куштарлантып, окуу жайдын сүйүүсүнө себепчи болду. Шартка карабастан бар мүмкүнчүлүктү пайдаланып, канчалаган студенттерге жол ачып бердиңиз! Айтор жакшы адамдын түпкү казынасын терең казсаң, андагы баалуулуктарды айтып бүтпөс чыгаарсың. Студент болуу бактысы сиздин ишмердүүлүгүңүзгө туура келгенине ыраазымын.

Студент деген статустан айрылсак да, окуу жай менен коштошсок да, сени менен ар убак жашай берем. ОГПИ деген кылымдык тажрыйбасы бар алтын уямды Орто Азияга, керек болсо дүйнөгө таанытканга аракет кылып, ар тараптуу билим алып, буйруса өзүбүздүн багыт аркылуу машыркана иштеп, мекенибиздин гүлдөп өнүгүшүнө салым кошуу биздин пенделик парзыбыз.

Тарыхы терең окуу жайымдын зоболосу артып турган учурда тилектеш, билектеш болуп жүргөн күндөрүмө ыраазымын. Кыялдарымдын орундалышына көмөктөшүп, багыт берип, келечектин даңгыр жолуна сапар алууга шарт түзгөн окуу жайыма терең таазим!», - деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×