Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 05.02.2019 11:45

«Апамды кетирип, Мая эжемди алыңызчы...»: М.Тынаева тарбиялаган бөбөктөрдүн жоруктары (сүрөт)

Turmush -  Эл агартуунун отличниги Майрамбүбү Тынаева 40 жылдан бери Ат-Башы айылындагы К.Тыналиев атындагы №2 бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенип келе жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Майрамбүбү Тынаева 1961-жылы Ат-Башы айылында төрөлгөн. Мектепте жакшы окуп, алдыңкы окуучулардан болгон. Мектепти аяктап эле бала бачага тарбиячынын жардамчысы болуп жумушка орношкон.

Өз кесибин сүйгөн тарбиячы балдар менен иштөөдөн ырахат алат. Эмгегинин аркасы менен бир канча сыйлык, наамдарга ээ болгон. Учурда жаш тарбиячыларга өз акыл-кеңештерин берип, өз кесибин жерге таштабай иштөөдө.

«Мектеп босогосун аттагандан баштап тазалык сектору, айтор активдүү окуучу болчумун. Ал жактан пионер, комсомол уюмунун секретары болуп иштедим. Мектептен айдоочулук күбөлүктү баарынан биринчи болуп мен алгам. Азыр андай бербейт. Мектепти бүткөндө атам кесиптик окуу жайга окутпай койгон. Бишкектеги окууга өтпөй калдым. Атам бала бакчага сүйлөшүп, 1978-жылы 1-июлда тарбиячынын жардамчысы болуп жумушка кирдим. Аттестатымды карап туруп эле жумушка алган.

Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун сырттан окуп бүттүм. Ал кезде жумуштан сырткары чөпкө айдачу, совхоздун мыкты чабаны деген грамоталарды алып калдым. Коомдук иштерге жакшы катышчумун. Жайында чөпкө айдаганда эркектер чөптү жерден алып берчү, мен болсо унаанын үстүнө басып салчумун. Азыр айтып отурсак жомок. Өз балама айтсам ишенбейт», - деди ал.

Тарбиячы эң биринчи жолу 24 сом айлык алган. Анын айтымында, ошол кезде бул акчага баары келе турган.

«Өзүмдүн кесибимди жакшы көрөм. Совет учурунда биринчи айлыгым 24 сом болгон. Бирок ошол акча аябай күчтүү болчу. 12,5 сомго ун, 1 тыйынга ширеңке келчү. Азыр айлык 18-20 миң сом болот, бирок мурдагыдай күчү жок. Балким адамдын пейилинен болушу мүмкүн. Себеби, эч нерсеге жетпеген убакта ким үйгө кирсе дагы карандай чай, кара нанды деле берчүбүз. Азыр баары турса дагы эшиктен кетиребиз. Адамдын көзү тойбойт го дейм», - деди тарбиячы.

Ал балдарды окутууда математикага басым жасайт.

«Болгон билимимди балдарга бергим келет. Мен математикага басым кылам. Балдардын майда моторикасын (кыймыл-аракет) өнүктүргөнгө аракет кылам. Мисалы колдору менен "образдуу" түрдө аба мейкиндигине жаздырам. Кум бетине сүрөт тарттырам. Себеби, балдар мектепке барганда тез жазып кетет. Кышкысын кардын үстүнө, жаз-жай асфальттын бетине сүрөт тарттырам. Баарын өзү кылганга үйрөтөбүз», - деди ал.

Майрамбүбү Тынаева КРдин ардактуу айымы, Теңир-Тоонун ардактуу айымы, Эл агартуунун отличниги болгон. 1987-жылдары эки жолу айылдык кеңешке депутат болуп шайланган. Ыр-кеселерде баш байгелерди алып, «Насаатчы», «Мээримдүүлүк» деген ордендердин ээси.

«Бир Ислам деген бала үйүнө барса апасы урушуптур. Бала апасына “сиз дайыма эле урушасыз, бала бакчадан Мая эжем урушпайт” деп, атасына болсо “ата, апамды кетириңиз дагы Мая эжемди алыңыз” деп айтыптыр. Ошол баланын ата-энеси "балабыз ушинтип айтты, катышып жүрөлү. Баламдын сүйгөн энеси болуп калыптырсың" деп келишкен. Азыркыга чейин үй-бүлөм менен катышабыз. Ал бала азыр үйлөнөйүн деп калды. Кызыгы учурда баккан балдарымдын балдарын багам», - деди ал.

Анын 1 кыз, 2 эркек баласы жана 4 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×