Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Талас облусуТалас району 05.02.2019 11:18

Айыл турмушу: Таластык Р.Айткулов 20 жылдан ашык убакыттан бери темир устачылыкты аркалап келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 46 жаштагы тургуну Ражапбек Айткулов 20 жылдан ашуун убакыттан бери темир уста болуп эмгектенет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, устачылык тай жагынан өткөн. Бир айда 30-40 миң сомго жакын киреше табат.

«Алгач бала кезимде бир нерселердин ичин чачып көрүп, аны оңдогонго аябай кызыгат элем. Кийин мектепти аяктан соң кесиптик лицейде билим алып, уста катары сыналгыларды оңдоп жүрдүм. Акырындык менен жеңил унааларды, тракторлорду оңдоп, тажрыйба топтой баштадым. Күндүз айдоо аянтында жер айдап, кечкисин техника оңдоп жүрүп бул ишти жакшы алып кете алдым.

Темир ширеткенди үйрөнгөндөн кийин үйлөргө жылытуу системасын орнотууну туура көрдүм. Аны атайын жакшы билген адистерден үйрөнүп келип, өзүбүздүн айылдан көп үйлөргө коюп бердик. Устачылыкты үйрөнөм деген жигиттер менин жанымда 1 жылга жакын жүрүп, үйрөнүп жатышат», - деди ал.

Ражапбек уста 1 уул, 3 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×