Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Нарын облусуКочкор району 05.02.2019 09:20

Хандын кызынын көзүнө үйүр алуу үчүн 7 жыл төө баккан дубана... Кочкордун аталышы кайдан келип чыккан?

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор районун кар жатпас кара Кочкор деп коюшат.

Эл ичиндеги уламыштарда Шаамашрап дубана эл аралап жүрүп калмак ханы Коңтаажынын кызы Гүлгаакыны көрүп, сыпатына таңданып, «муну мусулман кылып, аялдыкка алышым керек» деп ойлонот. Гүлгаакыны көрүп, анын көзүнө үйүр алуу үчүн жети жыл Коңтаажынын төөсүн багат. Туура жети жыл болгондо Гүлгаакы кырк кыз нөкөрү менен сейилге чыгып бара жатканда Шаамашрап олуя жолунан тосуп, мындай деп айтыптыр:

Лайлаха иллалла, келмени бил, Гүлгаакым,
Жети жыл зар кылган, бендени бил, Гүлгаакым.
Ашык болуп өзүңө, келгенди бил, Гүлгаакым,
Тирилмек бар бир күнү, өлгөндү бил, Гүлгаакым.
Эл жыйылып көр казып, көмгөндү бил, Гүлгаакым,
Көрдө жооп рабим деп, бергенди бил, Гүлгаакым.
Лайлаха иллалла, билбейсиңби, Гүлгаакым,
Мухаметтин динине, кирбейсиңби, Гүлгаакым.
Кел кетелик жаннатка, жүрбөйсүңбү, Гүлгаакым,
Зар ыйлаган жети жыл, ким дейсиңби, Гүлгаакым.
Акыретте бейиш бар, ишенбейсиң, Гүлгаакым,
Жалган дүйнө бейопа бар, билбейсиңби, Гүлгаакым.
Жараткандын динине, кирбейсиңби, Гүлгаакым,
Бостон сарай учмак бар, кире көргүн, Гүлгаакым.
Бир кудайдан иманды, тилей көргүн, Гүлгаакым,
Айткан тилин карыптын, Албайсыңбы, Гүлгаакым.
Акыретте бейиш бар, барбайсыңбы, Гүлгаакым,
Капыр болуп тозокто, зарлайсыңбы, Гүлгаакым.
Кызыл чоктун ичинде, калбайсыңбы, Гүлгаакым,
Капыр болуп тозокто, ыйлайсыңбы, Гүлгаакым, деп динге чакырганда, Гүлгаакы муюп, мусулман болууга макулдук берип айтат дейт:

Лайла-ила-иллолло, Ккелди келме тилиме,
Ак Мустафаң болбосо, арзыйт элем кимиңе.
Жаным курман болбосо, жаннатыңды не билгей,
Бегим кулпан болбосо, бейишиңди не билгей.
Бир кудаанын эркеси, ал эмнеси дубана?
Айтканыңа жеткирсең, жаным шүкүр кудаага.
Эртең менен турасың, «Алла» айтасың дубана,
Атам калмак — Коңтаажы, канга айтасың дубана.
Тигил дүйнөнү билбеген, шаңга айтасың дубана,
Айтканыңа жеткирсең, жаным шүкүр кудаага.

Ошондо Шаамашрап олуя Гүлгаакыны динге кийиргенине кубанып, Коңтаажыга барып кыздын колун сураптыр. Ошол жылы жут болуп мал кырылып турган экен. Коңтаажы кызы Гүлгаакынын да көңүлүн көрүп, Шаамашрапка карап:

«Таягыңдан башка эч нерсең жок, мейли төөмдү жуттан аман асырап берсең, кызымды берейин», - дейт. Ошентип Коңтаажы хан Машрапка 100 төөсүн кайтартып коюптур. Кышында Шаманшурупта кийим жок койдун терисин алды-артына байлап алып эле жүрчү экен, буттары жылаңайлак, анан узун таягы бар экен. Кочкор-Атанын үстүнө чыгып алып, зикир айтып «Лайиллоху иллалох, Мухамедур рассулаллох» деп ушунчалык күч менен кыйкырып, төөлөрдү кайрып кайтарчу дейт. Төөлөрү Көтмалды (азыркы Балыкчыга) чейин оттоп кетип калганда, зикир айтып, «кайрыл» десе, кайрылып келчү экен. «Калмак кыйнаса, төө кайтартат» деген сөз ошондон калыптыр.

Бурган суу менен булут келип, Кочкорго кар аябай жаачу экен. Шаамашрап таягын алып булгалап, «кач кар, кач кар, кач кар» деп кыйкырганда, булуттар удургуп качып, ошондон бери Кочкорго кар жаабай калыптыр дейт. Ошентип төөнү аман асыраган Шаамашрапка Коңтаажы убада боюнча кызын бериптир. Баягы «кач кар» деп кыйкырган сөздөн Кочкор аталып калган. Илгери бир жолоочу кышында Кочкорго келип, «ушундай да эмгекчил эл болобу, карды күрөп тоо башына үйүп салыптыр» деген экен.

Кочкорго кар жаабай калганын туз кенинин ошол жерде жайгашканынан деп айтышкандар да бар. Ал эми Кочкор жеринде тоолордун көпчүлүгү кара болгондуктан, Кочкордогу жер аттары Кара-Күңгөй, Кара-Тоо, Кара-Коо жана башка сыяктуу аталган.

Аймактык кабарчы бул уламышты 1990-жылдары Кочкордун Кара-Күңгөй айылынын 75 жаштагы тургуну Гүлайым Жунушаалы кызы кызынан жазып алган.

Тема боюнча: Элдик уламыш: Кочкорлору менен атактуу болгон Кочкор өрөөнү (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×