Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Талас облусуТалас району 04.02.2019 17:15

Айыл турмушу: Таластык А.Бектемирова кыз-келиндердин баш кийимдерин тигип сатууда (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кировка айылынын 22 жаштагы тургуну Альбина Бектемирова кол өнөрчүлүк менен алектенип, кыз-келиндердин баш кийимдерин тигип киреше табууда. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында төрөлгөн. Бул ишин 2018-жылы август айларында баштаган.

«Өзүмө окшош кийинген аябай жагат. Ар бир кийимдерибизди окшош кылсам деп өзүмө жана кызыма тигип жүрдүм. Экөөбүз үчүн майрамдарда, тойлордо окшош кийимдерди тиктим. Кийинчерээк тааныштар көрүп, алар буйрутма бере башташты. Муну хобби катары көрөм. Киреше жактан дагы жаман эмес. Жакшы көрүп алектенген нерсем. Азыр техниканын өнүккөн заманы болгондуктан, бүт баарысын интернеттен көрүп үйрөнүп алам. Буйрутмалар көп болуп калган учурларда кайын энем жардам берет. Калганына өзүм эле жетишем. Баш кийимдерди 200-390 сомго чейин баалайм. Кандай гана кырдаал болбосун өзүмдүн апам бардык жактан колдоо көрсөтүп турат», - деди ал.

Чебер айым 2015- жылы турмушка чыккан. Учурда 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×