Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Талас облусу, Талас 04.02.2019 16:21

Айыл турмушу: Таластык Э.Айталиева 23 жылдан бери жүздөгөн балдардын киндик энеси болду (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 42 жаштагы тургуну Эльвира Айталиева 23 жылдан бери ымыркайлардын ден соолугуна кам көргөн дарыгер болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1996-жылы Талас шаарындагы медициналык окуу жайдын акушер-гинеколог бөлүмүн аяктаган.

«Ошол эле жылы Ч.Мамбетов атындагы Талас облустук ооруканасынын ымыркайлардын потологиясы бөлүмүндө иштеп баштадым. Ал бөлүмдө 12 жыл медайым болуп эмгектендим. 2008-жылы төрөт бөлүмүнө которулгам. Ал жакта бүгүнкү күнгө чейин иштеп келем. Биздин облустук ооруканага райондордон аялдар келишет. Эң аз дегенде 1 күндө 7-8 төрөт кабыл алабыз. Орточо 15ке чейин төрөт болот. Кош бойлуулар биринчи кабылдамага түшөт. Кийин бала төрөөгө даяр болуп калганда төрөт бөлүмүнө жөнөтүшөт. Эне менен баланын жүрөгүнүн согушун жарым саат сайын текшеребиз. Кан басымы такай текшерилет. Толгоо маалы ар кимдики ар кандай болот. Биринчи жолу төрөгөн аялдар 2 саат аралыгында төрөшөт. 3-4 жолу төрөгөн аялдар бат эле төрөп коюшат.

Айрым учурда эгиз балдардын бири өзү төрөлүп, экинчиси операция менен төрөлүп калышы мүмкүн. Баланын тону ымыркай төрөлгөн соң ажыраш керек. Бул учурда бир бала төрөлгөн соң тон ажырай баштайт. Бала чыкпай эле ордуна көп кан кете баштайт. Бул учурда саналган мүнөт ичинде операция бөлмөсүнө жеткиребиз. Ушул мүнөттөр адам өмүрүн чечип калат. Бизге тактык жана командалык иш маанилүү.

Менин тажрыйбамда эң чоң салмакта ымыркай 5 кг 200 гр салмактагы бөбөк болгон. Апасы табигый жол менен эле өзү төрөгөн. Бөбөк төрөлгөн соң аябай кылдат кароону талап кылат. Эне менен баланы жылуу температурада кармайбыз. Төрөттөн чыккан соң аял киши өзүн өтө сак карашы керек. 3 күн тишин паста менен жуубаш керек. Сагыз чайнабай, оозун жылуу суу менен эле жууп коюш керек. Оор көтөрбөй, суукка чыкпашы зарыл. Төрөттө ар кандай аялдар келет. Айрым учурда төрөтү башталганда ачуу үн менен кыйкырып баштайт. Төрөп бүткөнчө ошентип кыйкырып чыгат. Эмнегедир кыйкырып төрөгөндөр бат эле төрөп коет. Кээ бирөөлөр урушканга, кээ бирөөлөрү алдаганга көнөт. Бирөөлөр үнү чыкпай эле төрөп кетишет. УЗИден текшерип, өзү төрөй албайт же өзү төрөйт деп айтышат. Биринчиси операция менен төрөп, экинчи баласын өзү төрөгөн энелер да бар», - деди ал.

Медайым жолдошу экөө 3 баланын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×