Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Талас облусуТалас району 04.02.2019 13:50

Айыл турмушу: Таластык Э.Төлөбеков өзүнүн көк бөрү командасын түптөөнүн аракетин көрө баштады (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 17 жаштагы тургуну Эржан Төлөбеков 3 жылдан бери көк бөрүп ойноп, ийгиликтерди багындыра баштады. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, азыркы учурда «Талды-Булак» командасында ойнойт.

«Мен кичинекей бала кезимен бери эле улакка кызыгам. Улан деген акемдин колдоосу менен улак чаап калдым десем болот. Ал адам мага чоң түрткү берген. Айыл ичиндеги улак тартыштарга калтырбай ээрчитип барып үйрөткөн. Акемдин арты менен улак ойноп, ийгиликтерди багындырып келем десем болот. Алгач улакчыларга аралашып баштаганда кандайдыр бир башкача сезим болгон. Ошондо мен өзүмдү чоң адамдардай сезгем (күлүп).

Айыл ичиндеги той-аштарда улак көп ойнолот эмеспи. Чоң оюндарга чыкпасам дагы той-аштарда ойноп жүрдүм. Албетте башында көп кыйынчылыктар болду. Көп катачылыктарды кетирдим. Бирок оюнду таштап салбай аракет кылып, такшалып жаттым. Көп өтпөй ийгиликтер жылмайып баштады. Ошондон кийин гана чоң командаларга кошулуп ойноп баштадым. Азыркы учурда «Талды-Булак» командасындамын. Көк бөрү негизи эле кыйын оюн. Эгер кызыгууң күч болсо колу-бутуң сынып калса дагы макул болуп ойношуң керек. Негизи жаракат алган учурлар көп болот. Кечээ жакында эле райондук оюнга даярдык көрүп жаткан маалда 3-4 аттын астында калдым. Катуу жаракат алдым десем болот. Кээ бир учурларда жаракаттын кесепетинен оюндарга чыкпай калган учурлар көп болот.

Биздин айыл малдуу жана тоолуу айыл болгондуктан кышкысын жалаң улак чаап келебиз. Командабызда 10 оюнчу бар. Баарыбыз чогуу оюнга даярдык көрөбүз. Ал учурда чуркайбыз, арканга чыгабыз, ошондой эле оор нерселерди көтөрүп, аттарыбызды чуркатып, даярдык көрөбүз. Оюнда бирде жеңиш болсо, бирде жеңилүү болот. Жеңилген учурда кийинки оюнда жеңүүгө, кетирген каталарды кайталабоого аракет кылып даярданабыз. Ата-энем ар дайым колдоп келет. Катуу жаракат алганымды көрсө урушуп, кайра жазылышат. Мындан дагы чоң ийгиликтерге ээ болуп, өзүмчө команда топтоп, улакчыларды алып чыксам деген ниетим бар», - деди ал

Эржан мырза 4 бир тууган.

Эржандын 25 жаштагы агасы Эрлан Төлөбеков да 5 жылдан бери көк бөрү ойноп, чоң мелдештерге катышып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×