Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
04.02.2019 13:33

Айыл турмушу: Тарбиячы Д.Жайлообаеваны уктагандан качып, шкафка жашынган бөбөк катуу коркуткан

Turmush -  Бала бакчада 9 жылдан бери тарбиячы болуп иштеген Динара Жайлообаева менен аймактык кабарчы таанышты.

Динара Жайлообаева 1985-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында төрөлгөн. 2003-жылы мектепти бүтүп, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. 2009-жылы Күмөндөр Тыналиев атындагы бала бакчада орус тилчи болуп 2 жыл иштеп, андан соң тарбиячылык ишти аркалай баштаган. Ал 2013-жылы бала бакча ичинде тарбиячылар арасында өткөн сынакта 2-орунду алып, «Чыгармачыл тарбиячы» деген номинацияга ээ болгон.

«Азыр кенже топтогу балдарды тарбиялайм. Баланы туура тарбиялоо үчүн биринчиден баланын тилин табуу керек. Баланын дагы өзүнүн ою болот, ал өз чөйрөсүндө жашагысы келет. Ага жакшы мамиле керек. Баланы жазалаш керек дегенди сунуш кылбайм. Баланын тилин таап, аны менен сүйлөшө келсе эле тез тил алат. Бала менен өзүнүн тилинде сүйлөшүп, анын оюн угуп, көп чек койбош керек. Баланын эркин болуусуна, өз оюн айтуусуна ата-эне жардам бериши керек», - деди ал.

Динара Жайлообаева чоң апасынын, таенесинин колунда өскөн балдардын кандай болорун айтып берди.

«Бизде үйгө коноктор келсе, балдарды столго отургузбаш керек, балага алар кеткенден кийин чай бересиң деген менталитет бар. А, негизи балдарды келген коноктор менен аралаштырыш керек. Кээде чоңдор сүйлөп жатканда сүйлөбө дейбиз. Ага бала түшүнбөйт. Бирок биз түшүндүрүүгө аракет кылуубуз зарыл.

Бизде чоң ата, чоң апасынын, таенесинин колунда өскөн балдар бар. Алар башкалардан айырмаланып турат. Бир нерсени уруксат сурап, андан кийин жасайт. Бул жакшы албетте», - деди ал.

Тарбиячы Динара Жайлообаева Кыргызстандын гербин, Манастын, жыл мезгилдердин сүрөттөрүн саймага түшүрүп жасаган.

«Бош убактыбызда чыгармачылык менен алек болобуз. Биз тайпага жараша көрсөтмө курал жасайбыз. Герб, Манас атаны, менин үй-бүлөмдү, жыл мезгилдерин сайма менен кездеме бетине түшүрдүм. “Адеми” бий тобун түзүп, майрамдарда тарбиячылар бийлеп жүрөбүз, кээде ырдайбыз», - деди ал.

Д.Жайлообаева жумушунда болгон кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Бир тентек балам бар болчу. Апасына дагы баш берчү эмес. Бир күнү түшкү тамакты ичтик. Андан кийин балдарды ажатканага алып барып келип, керебеттерине жаткырып жаткам. Бир маалда ошол тентек балам жок. Бала бакчанын ичин, эшиктен карадым. Айлам кетип, корко баштаганда апасына телефон чалдым. Сарсанаа болуп, апасынын үйүнө чейин бардым. Апасы экөөлөп издеп, туугандарына телефон чалдык. Мен качып кетти го деп ойлодум. Бир саатка чукул издедим. Бала бакчага келип, шкафтардын ичин карадык. Көрсө ал уктагандан качып, өзүнүн кийимин салган шкафына жашынып алыптыр. Биз болсо көчөдөн издеп жүрө бериптирбиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×