Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Талас облусуТалас району 05.02.2019 09:30

Айыл турмушу: Таластык 20 жаштагы К.Ашыров үйүндө тортторду жасап ишкерлик кылууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Манас айылынын 20 жаштагы тургуну Кудайберди Ашыров 2018-жылдын күз айларынан бери тортторду жасап сатууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ата-энесинин каршылыгына карабай кондитердик билим алган.

«Күз айларынан бери торт жасоо менен алектенип жүрөм. Борбордон кондитер жана ашпозчулук орто кесипке ээ болуп, кичи мекениме келип кызмат кылып жатам. Негизи кичинекей кезимден баштап эле таттууларды жасоого кызыгам. Жогорку окуу жайдан билим алайын дегенде үйдөгүлөр каршы болушкан. Ага карабай окуп бүтүп алдым. Кызыккан ишиңди аркаласаң майнаптуу иш болот. Мен дагы торт жана башка таттууларды даамына чыгара бышыруунун сырларын үйрөнүп, практикада такшалдым. Кооздолгон тортторду жасап берүүнү суранган кардарлардын саны көбөйүп жатат. Биринен бири угуп, буйрутма беришет.

Башында тортторум туугандар жана тааныштар арасында гана сатылып жүрсө, бүгүнкү күндө айыл ичинен жана Таластан бери буйрутма берип келишет. Үстүнө жазып, кооздоо жумуштары кардардын табитине жараша болот. Башында хобби катарында жасап келсем, азыр берилүү менен элдин ишеничин актап эмгек кылып келем. Колумдан ушул тармактагы жумуш келгендиктен иштеп жүрөм (күлүп). Анын үстүндө өзүм дагы таттууларды жакшы көрөм. Тортторду үйдөн жасайм.

Үйдөн бир туугандарым, атам, апам көмөк көрсөтүшөт. Алгач бул ишиме каршы болушкан, азыр колдошот. Буйрутма бергендердин үйлөрүнө дагы жеткирип калам. Буйрутманы интернет аркылуу дагы алып жүрөм. Адамдардын көбү соцтармактарды пайдаланышат. Ошол жактан көп байланышам. Жаңы жылдын астында жакшы буйрутмалар болду. Көбүнчө туулган күндүк майрамдарда буйрутма беришет. Аттарын жаздырып, балдарга мультфильмдердин каармандарынын сүрөттөрүн түшүрүп же ошондой формада жасалышын каалашат. Азыр кардарларым эки эсе көбөйдү. Аталаш Жаныбек акем жана Гүлира деген эжемдер дагы технолог. Алардын мага болгон түрткүсү чоң. Бул жумушта өзүм кызыгып иштегендиктен оорчулугу билинбейт. Тескерисинче, кооздоо иштерин берилүү менен жасап отуруп жаңы идеяларды таап алам. Киреше көп деле таппайм. Кээде артпай деле калат. Ошондо деле чыгарып жатам. Торт жасоо үчүн керектелүүчү кооздуктарын Бишкектен алдыртам.

Торттордун баасы формасына жараша коюлат. Меники 1 кг 300 сомдон сатылат. Жөнөкөй тоголок торттор 250 сомдон өйдө сатылат. Көптөр мааракелерге же этаждуу кылып буйрутма беришет. Кээ бирлер эркек бала жасайт десе аябай таң калышат экен. Интернеттен «саламатсызбы эже» деп жазып калышат. «Жок кечиресиздер, мен эже эмесмин» дейм (күлүп). Келечекте киреше табуунун булагына айландырып цех ачсам деп пландап жатам», - деди ал.

Кудайберди мырза үй-бүлөдө 4 бир туугандарын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×