Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.02.2019 15:11 На русском

5 миң доллар калың, тойдон чогулган 1 кг алтын: Караколдук Мээрим түрктөргө келин болду (сүрөт)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 25 жаштагы тургуну Мээрим Кадышева. Ал түрк улутундагы жигитке турмушка чыгып, үйлөнүү тойдо 1 килограммдан ашык алтын чогултканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Мээрим эки кесиптин ээси — экономист жана эсепчи. Алгач Бишкек шаарындагы окуу жайда, андан кийин Караколдогу К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде билим алган. Учурда Түркиянын Измир шаарында жашайт.

«Жолдошум экөөбүз социалдык тармак аркылуу таанышканбыз. Экөөбүз 1 жыл кыз-жигит болуп телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Алгачкы жолу Түркияга барганда ата-энеси, бир туугандары менен тааныштырды. Бир жылдан кийин баш коштук. Жолдошум Кыргызстанга келип, ата-энемден колумду сурады. Ал мени менен кошо 2 жаштагы кызымды да алып кетти. Кыргыздарда кандай салт болсо баарын аткарды. Ата-энемдин макулдугун алды, тактап айтканда кыз узатуу салты менен турмушка чыктым. Тойго туугандарымдын баарын чакырды. Эне сүтүнө жана калыңга 5 миң доллар алып келди.

Түркияда үйлөнүү тойду башкача өткөрүшөт экен. Тойдун 80 пайызы бий менен өтөт. Ошондой эле келин үчүн "кына (хна) кечесин" да өткөрүшөт. Ал күнү келиндин колуна ар кандай гүлдүн сүрөттөрүн тартышат. Ошондой эле кече ыр-күлкү менен уланат. Экинчи күнү үйлөнүү той уюштурулат. Тойдо дасторконго Кыргызстандагыдай тамак-аш, эт коюлбайт. Конокторго болгону торт жана шире тартууланат. Той башталгандан бүткөнгө чейин бийлешет экен. Келинге тойго келген ар бир конок алтын тагат. Ал эми алтын алып келбегендер акча беришти. Үйлөнүү тойдо 1 килограммдан ашык алтын чогулттум. Аны банкта сактап жатам», - дейт ал.

Мээримдин айтымында, өзүнүн ата-энеси ишкерлик менен алек. Ал көпчүлүктүн «кыргыз кыздар түрк жигиттерге акча үчүн турмушка чыгат» деген пикирине кошулбайт.

«Өзүм кадыр-барктуу үй-бүлөнүн кызымын. Ата-энемдин өзүнчө бизнеси бар. Өзүмдүн да жеке ишим жана борбордо батирим бар болчу. Жолдошумду жакшы көргөнүм үчүн ага турмушка чыктым. Тойго ата-энем, чоң энем жана эки таежем келди. Тойдон кийин да 10 күн эс алып кетишти.

Жолдошумдун аты-жөнү Эрдем Эврен, 1986-жылы төрөлгөн. Ал да жеке ишкерлик менен алек. Ал жөнөкөй, боорукер адам, кызымды өз кызындай карап жатат. Мурунку жолдошум менен тил табыша албай, эки башка жолго түшкөнбүз. Ал мени кош бойлуу кезимде таштап кеткен. Аны менен элдешүүгө аракет кылып, бирок жыйынтык чыккан жок. Кызымды атасыз өспөсүн деп болгон аракетимди жумшадым. Аны кызымдын туулган күнүнө чакырсам да келген жок. Ар бир кичинекей бала өз ата-энеси менен жашаса жакшы эмеспи. Кийин турмушка чыкканда өкүнүп, телефон чалып жүрдү. Бирок анда кеч болуп калган. Учурдагы жолдошум күнүгө интернет аркылуу чалып, көңүлүмдү көтөрүү үчүн жылуу сөздөрдү айтып, мени депрессиядан чыгарды. Моралдык жактан абдан жардам берген», - деди ал.

Мээрим жаңы келин болгондо кыргыздын салтын колдонуп, кайын журтун таң калтырган.

«Бул жактагы келиндер жүгүнбөйт экен. Аны билбей эле кайнене-кайнатама жүгүнө берчүмүн. Алар мени таң калып карай беришчү. Бир күнү жолдошума "Мээрим жүгүнбөй эле койсун" деп айтышыптыр. Кошуналарга да жүгүнгөн учурум болгон. Баары мени карап, абдан таң калышчу.

Кызым экөөбүз Измир шаарында эс алууга чыгып, адашып кеткенбиз. Адашып кетип күйөөмө телефон чалып алып, боздоп ыйлаган күндөрүм көп болгон. Бир күнү жолдошум калем берип коюуну суранды. Калем эмне экенин билбей, үйдүн ичинен издей бергем. Көрсө алар да кыргыздардай эле калем дешет экен. Мен ал кезде түрк тилин жакшы билчү эмесмин. Жолдошум экөөбүз кыргызча сүйлөшөбүз, ал кыргыз тилин жакшы билет. Анткени досторунун баары кыргыздар. Үйдө оокат жасатышпайт. Жумасына бир жолу жардамчы келип, үй жыйнаганга жардам берет. Түркиялыктар аялдарды абдан сыйлашат. Кызым бала бакчага барат. Алар балдарды өздөрү алып кетип, кайра кечинде жеткирип келишет. Кызымдын келечеги кең болушу үчүн бардык күчүмдү жумшайм», - деди Мээрим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×