Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 02.02.2019 12:06 Жаңыланды: 02.02.2019 14:44 На русском

Өзгөндө зордукталган 14 жаштагы кыз 6 айлык кош бойлуу. Шектүү — атасы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда 14 жаштагы кыз кош бойлуу экени ачыкка чыкты. Булактар билдиргендей, ал кыз 7-класстын окуучусу болчу.

Ал эми Ош ОИИБ тастыктаган маалымат боюнча, бул ишке кыздын өз атасы (1972-жылы төрөлгөн) шектелип жатат. Шектүү 20-январь күнү Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуучу кыздын атасы психикалык оору менен жабыркайт. Ал жол кырсыгынан жабыркагандан кийин 2-топтогу майып жаран болуп каттоого алынган. Ал эми апасы (1974-жылы төрөлгөн) 2013-жылы көз жумган.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, өспүрүм кыздын курсагындагы балага 6 ай толду. Ал атасы, 2006-жылы жана 2008-жылы төрөлгөн инилери менен бирге жашачу.

Бул факты Ош облустук ички иштер бөлүмү тарабынан «Бирдиктүү алдын алуу күнү» өткөрүлүп жаткан мезгилде ачыкка чыккан. Милиция кызматкерлери үйлөрдү кыдыруу учурунда шек жаралып, андан кийин текшерүү жүргүзүлгөн. Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер, мугалимдерге карата да кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат.

Шектүүгө карата козголгон кылмыш ишти тергөө улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×