Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Талас облусуМанас району 04.02.2019 13:00

Айыл турмушу: Манастык Г.Алымбекова майрамдарга карата кагаздан гүлдөрдү жасап сатууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Манас айылынын 30 жаштагы тургуну Гүлнара Алымбекова майрамдарга арналган гүлдөрдү жасап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Манас районуна караштуу Покровка айылында төрөлгөн. Кийин Манас айылына келин болуп келген. Кайын энесинен кол өнөрчүлүк боюнча көп нерсени үйрөнгөн.

«Бул гүлдөрдү гофрокагаздардан жасап жатам. Керектелүүчү каражаттарды Таластын дүкөндөрүнөн алып келип, үйдөн жасайм. Буларды жасоодо дагы колдун ийкемдүүлүгү керек деп ойлойм. Негизи кол өнөрчүлүк боюнча көп нерселерди кайын энемден үйрөнүп келем. Кайын энем чебер айым. Өзүмдүн атам дагы уста киши. Ал жактан дагы шык өтсө керек.

Үй кожейкеси болгондуктан убакытты текке кетирбейин деп ушул ишти жасап жатам. Муну интернеттен көрүп калдым. Жасап көрсөм өзүмө жакты. Жасаса болот экен деп ишимди уланта бердим. Көптөн бери жасап келе жатам. Эми жаз майрамдарга карата даярдайм. Кардар кайсы гүлгө буйрутма берсе, ошол гүлдү гүлдесте кылып жасап берем. Азыркы кезде жоогазын, роза гүлдөрүн жасап жатам. 9-10 даана гүлдөн 1 гүлдесте чыгарып берем. Ал 200 сомдон сатылат. Ал эми роза гүлдөрү майдараак, жумушу дагы майда, ошондуктан баасы өйдөрөөк. Жоогазындын жасалышы оңой. 3 кагазды кесип, бириктирип койсо даяр болот.
Мага мындай иштерди жасаган жагат. Хобби катарында аткара берем, кыйынчылыгы жок. Буларды үйлөргө сувенир катарында коюп койсо дагы жакшы көрк берип, кооздук жаратып турат. Ошентип ар кандай түрдөгү гүлдөрү даярдай берем», - деди ал.

Гүлнара айым 1 баланын апасы. Кайын энеси Аманбаева Калтар апанын айтымында, үйүндө тигүүчү цех иштетип жатышат.

«Негизи келиним кол өнөрчүлүккө жөндөмдүү. Мен өзүм токуйм, курак курайм. 1978-жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенем. Билгенимди келиниме жана башка келиндерге дагы үйрөтүп келем. Күзүндө тигүүчү 6 машина сатып алып келип, үйгө жайгаштырдым. Баш-аягы 9 тигүүчү машинам бар. Жаңы жылга чейин келиним жана башка келиндерди алып, балдар үчүн жылуу кийимдерди тигип, жумушубуз жакшы жүрдү. Жакында жумуш болот деп турабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×