Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуАлай району 01.02.2019 15:15

Айыл турмушу: Алайлык Улан Абдиев той-аштарга зарыл болгон жабдык жасады (видео)

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылынын 33 жаштагы тургуну Улан Абдиев сабиз тууроонун оңой жолун ойлоп тапты. Ал интернеттен көрүп, атайын жабдык курады. Учурда анын эмгегине кызыккандар арбын экенин аймактык кабарчыга айтып берди.

Улан уста 20 жылдан бери ширетүүчү болуп эмгектенет.

«Мектепти аяктагандан бери ширетүүчү болуп иштейм. Бир күнү интернеттен видео көрүп жатып, тиричиликке керектелүүчү буюмдардын жасалуу жолун көрдүм. Интернеттеги видеонун идеясы менен мен да сабиз тууроочу жабдуу жасаганга кириштим. Албетте, алгач окшошкон жок. Бирок тынымсыз аракеттин артынан жакшы, сапаттуу жасай баштадым. Мен жасаган жабдык элге абдан керек деп ойлом. Анткени жаман-жакшы күндөрдө, той-аштарда палоо көп жасалат. Жабдыкты айылдагы той-аштарга 2-3 жолу алып баргандан кийин суроо-талап күчөдү. Эми жабдыктын санын көбөйтүп, сатыкка чыгарууну ойлонуп жатам», - деди Улан Абдиев.

Устанын бул жабдыкты жасаганына 15 күн болду. Аны 1 күндө жасап бүтүргөнүн айтат. Ал үй-бүлөлүү, 1 кыз жана 1 уулдун атасы.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×