Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ноокат 31.01.2019 15:55

Ноокаттын борборундагы айлампа эми негизги жол болот (сүрөт)

Turmush -  Ош—Исфана эл аралык унаа жолунун, тактап айтканда Ноокат шаарынын борборунда жайгашкан айлампа жол негизги жол болуп өзгөртүлдү. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, унаа тыгындарын жоюу максатында атайын жол белгилер коюлуп, айлампага кирген автоунааларга артыкчылык берилди. Тактап айтканда, айлампага кирген унаа негизги жолго ээ болот. Буга чейин айлампага кирген учурда сол тараптан келген унаалар оң тараптан келе жаткан унааларга жол берип келишкен.

Мындан сырткары Ош облусунун аймагындагы айлампа жолдор да ушул эреже боюнча иш алып барууда.

Буга чейин Ноокат шаарынын борбордук көчөсүндө жума жана эс алуу күндөрү унаа тыгыны жарым саатка чейин созулуп жатканы маалымдалган. Баткен—Кызыл-Кыя багытындагы жүк ташуучу унаалар катары менен тизилип, жеңил унаалар өтө албай калат. Мындай тыгынды жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк жаратып жатат, дешкен Ноокат шаарынын тургундары.

«Аптанын эс алуу күндөрү унаа тыгыны жарым саатка чейин созулат. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн адамдар бирден өтө беришет. Ушул жерге жол чырак орнотуп же жол тескөөчү иштесе ыңгайлуу болмок», - деген жергиликтүү жашоочу Шаимбек Алимбаев.

Ноокат шаардык мэриясынын маалыматы боюнча, бул негизги жол Транспорт жана жолдор министрлигинин балансында турат. Шаардын вице-мэри Данияр Тажибаев бул маселени асма көпүрө аркылуу чечүү жолуна токтолгон.

«Жол тыгыны жума күнү гана жаралат. Бул сызыктар тургундардын суранычы менен баш аламандыкты жоюу максатында сызылган. Жөө жүргүнчүлөр буга чейин каалаган аймактан унаа жолду кесип өтүп, айдоочуларга ыңгайсыздык жаратышкан. Ошондуктан тосмолорду орнотуп, эки жерден гана жүргүнчүлөргө өтмөк сыздырганбыз. Тыгынды жоюу үчүн жер үстүндөгү өтмөк куруу планы бар. Бирок ал долбоорду Транспорт жана жолдор министрлиги Баткен—Бишкек—Ош жолун оңдогондон кийин гана ишке ашыруу мүмкүн. Биз министрликке жер үстүндөгү өтмөк же асма көпүрө куруу суранычы менен кайрылганбыз», - деген Данияр Тажибаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×