Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусу, Баткен 31.01.2019 11:14 Жаңыланды: 31.01.2019 12:16 На русском

Кадамжайдагы келиндин сырдуу өлүмү: Кайын сиңдиси менен күйөө баласы 20 жылга камалды

Turmush -  2018-жылдын 18-майында Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылында 39 жаштагы А.Нуржамалдын өлүмүнө шектелип кармалган кайын сиңдиси менен күйөө баласынын жазасы өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү катары кармалган К.Б. менен жубайы А.А. биринчи инстанциядагы сотто КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси менен (киши өлтүрүү) айыптуу деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылган. Кийин Баткен облустук сотуна айыпкер К.Б. жөнүндөгү чечимдин үстүнөн апелляциялык даттануу түшкөн. Ал арыз облустук сотто 2019-жылдын 24-январында каралып, Кадамжай райондук сотунун 2018-жылдын 20-ноябрындагы өкүмү (20 жылга каматкан) өзгөртүүсүз калтырылды.

Окуя тууралуу:

18-майда Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылындагы каналдан белгисиз аялдын жансыз денеси табылганы маалымдаган болчу. Жансыз дене эртең менен саат 10:00 чамасында табылган. Андан кийин милицияга кабар берилип, алар иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Эртеси, 19-майда Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай Торалиев каналдан жансыз денеси табылган аялдын ысымы такталгандыгын билдирген.

Келин Ак-Турпак айылынын 1979-жылы туулган тургуну А.Нуржамал экендиги аныкталган. Ал каналдан суу алам деп түшүп кеткени болжолдонгон. Артында 5 баласы калды. Анын денеси 18-май күнү саат 15:00 чамасында жерге берилген болчу.

Аялдын денеси табылган учур

Милициянын маалыматы:

22-июнда Баткен ОИИБ 18-май күнү Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылындагы «СШК» каналынын ичинен жансыз денеси табылган аялдын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын кабарлаган.

Маалыматка караганда, дене табылгандан кийин укук коргоо кызматкерлери иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында жансыз дене Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылынын 39 жаштагы тургуну А.Нуржамал экендиги аныкталган. Анын мойнунда, бетинде ар кандай жаракаттары бар экендиги такталып, анын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы 18-июнь күнү келген. Экспертизанын текшерүүсүндө аялда оң каракуш чыкый бөлүгүндөгү жарааты, оң жана сол бетинде жана сол көзүндө көгөргөн жарааты, мойнунун үстүнкү жана ортоңку бөлүгүндө муунткандан калган жана этинин айрылган жарааты, баш мээнин жабык түрдөгү жарааты, баш мээнин сол төбө челдеринин астында кан куюлган жаракат бар экени аныкталган. Бул факты боюнча 18-июнь күнү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүгү (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголгон.

Каза болгон аял бир үйдө күйөөсү, 5 баласы менен жашап келген. Ошол эле үйдө анын кайын сиңдиси да күйөөсү менен кошо жашачу.

Нуржамалдын күйөөсү эмне деген?

Нуржамалдын күйөөсү А.Мирлан жубайынын өлүмүнө өзүнүн үй-бүлөсүн күнөөлөп жатышкандыгын билдирген.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери аны коркутуп-үркүтүп, аялынын өлүмүнө өзүн шектүү деп жатышат. Бирок аялы каналга агып өлгөн түнү жумушта болгон.

«Аялым менен 18 жыл жашадык. 5 балабыз — 1 уул, 4 кызыбыз бар. Аялым 18-май күнү каналга агып, өлүгү чыкты. Ал ошол түнү мен жумушта элем. Мага чалып, Бүргөндүдө жумуш бар экенин айткан. Мен макул болгом. Балам менен аялым сыртта тапчанда укташкан. Түндө аялым чыгып кеткенин эч ким билген эмес. Балам таңкы саат 6:00 чамасында турганда аялым тапчанда жок болгон. Мен иштен келип, аялым айткан ишине кеткен го деп ойлогом. Бирок саат 11:00 чамасында кошунам каналдан аялдын сөөгү табылганын, ал аялыма окшош экенин айтты. Ал чынында менин аялым экен. Бизди суракка алып барышты. Бизди Кадамжай РИИБге алып барганда башыма пакет кийгизип, «сен өлтүргөнсүң, сенин мойнуңа алдырабыз» дешти. Кийин үйгө да милиция кызматкерлери келишти. Алар балдарыма да «силер өзүңөр өлтүргөнсүңөр» деп айтышкан. Экспертизанын жыйынтыгы чыкпай туруп кыйнап моюнга алдырабыз деп жатышат. 21-июнда да келип кетишти. Аялымдын өлүмүнө биз күнөөлүү эмеспиз. Бул жерде башкаларды да күнөөлөй албайм. Анткени факт жок», - деген ал.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы бул маалыматтарды четке каккан болчу.

«Табылган денеде ар кандай жарааттар бар экендиги аныкталып, каза болуунун себептери соттук-медициналык экспертизада каралып, анын жыйынтыгы 18-май күнү чыккан. Натыйжада КРнын Кылмыш-жаза кодесинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иш козголгон. Биздин кызматкерлер анын үй-бүлөсүнөн сурак кылыша элек. Алар туура эмес маалымат таркатышууда», - деген Баткен ОИИБдин маалымат катчысы Дамира Юсупова.

Эжеси сиңдиси киши колдуу болуп каза болгонун айткан:

25-июнда каза болгон Нуржамалдын эжеси Шаадат Меңдибаева сиңдиси киши колдуу болуп каза болгондугун билдирген.

«Өлүктү көргөнү өлүкканага бизди киргизген учурда мойнундагы жиптин изин жана башындагы жаракаттарды көрдүк. Ошондон улам киши колдуу болуп өлдү деген күмөндө соттук-медициналык экспертизага бергенбиз. Андан кийин 19-июнда экспертизанын жыйынтыгы чыгып, киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган. Ал жерде мойнунда жиптин изи, башындагы жаракаттар, мээсине кан куюлгандыгы, моюн жүлүнү үзүлүп кеткендигенен улам каза тапкандыгы даана жазылган. Ички органдарында суу жок болгондуктан, сууга тирүү түшпөгөнү, суу жутпаганы аныкталган.

Сиңдим Нуржамал 39 жашта болчу. Ал Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагына караштуу Сур айылында төрөлгөн. 5 баласы бар. Улуусу 17 жашта, андан кийинки кыздары 15, 13, 9, 6 жашта. 18 жылдан бери күйөөсү менен жашап келген. Сиңдим талаага жумушка чыгып, балдарын багып келген. Ага кайын энеси тарабынан 1 бөлмө бөлүнүп берилгендиктен, ошол жалгыз бөлмөдө күн кечирип жаткан эле. Ал жашаган үй 2 бөлмөлүү болгон, бир бөлмөсүндө кайын сиңдиси күйөөсү менен жашачу. Эч кимге карызы жок, эмгекчил кыз болгон. Эми кылмышкерлер табылып, жазасын алышын жана акыйкаттыкты талап кылабыз», - деген Шаадат Меңдибаева.

Кийин июнь айында А.Нуржамалдын өлүмүнө шектүү катары өзүнүн кайын энеси, кайын сиңдиси жана күйөө баласы кармалгандыгы кабарлаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×