Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуАт-Башы району 09.02.2019 23:23

«Мекендештер»: Казакстанда билим алган тоолук Канатбек ай сайын 570 доллар стипендия алат (сүрөт)

Turmush -  29 жаштагы Канатбек Туратбек уулу Алмата шаарындагы Казак-немис университетинде суу ресурстарын интеграциялык башкаруу боюнча билим алып жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Канатбек Туратбек уулу 1990-жылы 3-февралда Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында төрөлгөн. Ошол эле айылдагы №2 орто мектебин аяктап, 2007-2012-жылдары Бишкек шаарындагы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде окуган. 2015-жылы Ат-Башы райондук суу чарбасында 3 жыл иштеген.

«Алмата шаарында магистратурага мүмкүнчүлүк болуп калды. Жарым жыл Бишкек шаарында англис тилин окудук. Андан кийин 2018-жылы август айында сынак тапшырып, андан өтүп кетип окуп калдык. Бул окуу жайда Германиядан профессорлор келип англис тилинде окутушат. Буга чейин 4 профессор келип кетти. Алар келген сайын окуунун аягында экскурсияга чыгып турабыз. Биринчи профессор келгенде Алмата менен Чолпон-Атанын ортосундагы тоого чыктык. Жашыл көлгө бардык. Кооз жерлери көп экен. Бирок туристтерге шарттарды түзүп койсо андан жакшы болот», - деди ал.

Канатбек Туратбек уулу 570 доллар стипендия алат.

«Башында англис тилинен бир аз кыйын болду. Азыр өздөштүрдүм, жакшы. Алматада бойдок балдарга батир табуу кыйын экен, аларга беришпейт. Борбордук Азиядан тажик, афган, түркмөн, кыргыздар менен жашайбыз. Кыргызстандан быйыл экөөбүз тапшырдык. Үчүнчү курста дагы үч студент бар. Айына 570 доллар стипендия алам. Жатаканабыз, тамак-ашыбызды ошондон камсыздайбыз. Бул жактан мен суу ресурстары боюнча менеджер болуп чыгам.

Казакстанда каада-салттары биздикиндей эле. Биздин эне тилибиз баркталбайт. Казакстанда орусча суроо берсең да казакча жооп беришет. Барганда орусча сүйлөсөм жаман көрүшчү. Бирок кыргызча сүйлөсөм жакшы түшүнүшпөй, кайра орус тилинде жооп бере башташты. Алмата чукул болгондуктан айына 1 жолу Бишкекке келип турабыз. Бул жакта инфраструктурасы, жолдору жакшы, газ түтүктөрү тартылган, акылдуу шаар долбоору мурда эле кирген, таза шаар экен. Кыргыздар биздин туугандарыбыз деп жакшы кабыл алышат», - деди ал.

Канатбек окуусун 1,5 жылдан кийин бүтөрүн кошумчалады.

«Окууну ийгиликтүү аяктап, Европаны кыдырып келсем дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×