Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусуАлай району 30.01.2019 14:10

Алайда иске ууланган 18 окуучу мектепке барып, окууну улантып жатышат

Turmush -  Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай айылында 18 окуучу жана мугалим иске ууланган мектепте окуу үзгүлтүккө учураган жок. Бул тууралуу Алай районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбет Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда окуучулардын абалы жакшы.

«Кечээ 29-январь күнү саат 16:15 чамасында окуучулар өздөрүн жаман сезип, мугалими дары-дармек берип, ФАПтын кызматкерлерине көрсөткөн. Кийинчерээк аларды Ош шаарына ооруканага алып барышкан. Класста жалпы 23 окуучу болгон. Анын ичинен 15 окуучу өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Ал эми 8 окуучу медициналык кароодон өткөрүлгөн. Бүгүн балдардын баарынын абалы жакшы, окуу уланып, сабак үзгүлтүккө учураган жок. Ошондой эле атайын чогулуш өткөрүлүп, тиешелүү кызматарга тапшырмалар берилди», - деди ал.

----------------------------------------------------------------------------

Буга чейин Алай районуна караштуу Жаңы-Алай айылында 4-класстын 18 окуучусу жана мугалим көмүр исине ууланганы маалымдалган. Алар кечээ, 29-январь күнү Ош облустар аралык балдар ооруканасына кайрылышкан.

Аталган оорукананын маалыматы боюнча, окуучулардын үчөө алгач жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, кийинчерээк палатага которулган. Ал эми калган балдарга тиешелүү жардам көрсөтүлгөн. Бүгүн, 30-январь күнү окуучулардын абалы жакшы болгондуктан бардык балдар ооруканадан чыгарылып баштады. Ал эми мугалим Ош облустук клиникалык ооруканасында дарыланууда.

Иске ууланган балдардын баары 4-класстын окуучулары. Аталган мектеп эски болгондуктан ар бир бөлмөгө өзүнчө меш коюлуп, көмүр менен жылытылат. Балдар сабак учурунда иске ууланып, абалы начарлаган. Алгач жергиликтүү ФАПка кайрылышып, андан соң Ош шаарына жеткирилген.

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Абдибап Исмаиловдун айтымында, мугалим балдардын ууланганын билбей, сабакты уланта берген.

«Мугалим сабак өтүп жатканда 2 окуучу башы ооруганын айтып, ФАПка алып барышкан. Көрсө балдар билбей отура берип, ууланып калышкан экен. Учурда 18 окуучунун баары медициналык кароодон өтүп, ооруканага жатып чыгышты. Мугалимдин абалы да жакшы», - деди А.Исмаилов.

Буга чейин Алай районунун Жаңы-Алай айылындагы окуучулар малчыларга салынган эски үйдө окууга аргасыз экенин аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Анаркан Мамаева билдирген болчу.

Анын айтымында, Жаңы-Алайдагы С.Ашимов атындагы орто мектеби алгач малчыларга турак үй катары курулган.

«Бизде мектептин жоктугунан малчыларга салынган үйдө балдар билим алышат. 1990-жылы бул мектеп 3 класстык, 2000-жылы 4 класстык болуп ашар жолу менен курулган. Мектеп санитардык талапка дагы жооп бербейт. Ичи көмүр менен жылыйт. Кышкысын кыйынчылык көп болот. Азыр жалпы 7-класста 476 окуучу билим алат. 2015-жылы жаңы мектептин курулушу башталган. Сметалык баасы 45 млн сом болгон. Бирок 3 млн сом каралган бойдон каражат бөлүнгөн эмес», - деген мектеп директору Аскар Адапбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×