Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 30.01.2019 08:19 На русском

Ала-Буканын акими 1-вице-премьер К.Бороновдун сын-пикирине жооп кайтарды (видео)

Turmush -  Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 29-январда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты. Жыйындын жүрүшүндө 2018-жылдагы Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында аткарылган иштер боюнча кеңири маалымат берилди.

Баяндамачынын маалыматынан кабардар болгон биринчи вице-премьер-министр облустун көрсөткүчүн «жаман эмес» деп баалады. Ошондой эле ал былтыркы жылы ызы-чуу менен коштолгон Ала-Бука, Чаткал райондорундагы кен маселелерине токтолду.

«Ала-Бука, Чаткал райондорундагы укук коргоо органдарына, акимдерине карата чоң сөздөр бар. Ушул эки райондо баарыңар кен байлыктардын үстүндө отурасыңар. Колуңардан кармап алгандан кийин кеч болуп калат. Кен казган тараптар менен 5-6 жолу сүйлөштүк. Жакында коопсуздук кеңешине барасыңар, силерди жөн жерден чакырган жок», - деди К.Боронов.

Өз кезегинде Ала-Бука районунун акими Эмилбек Абдыкадыров биринчи вице-премьер-министрдин сын-пикирине жооп кайтарып жатып, кенге байланыштуу чырлар Чаткал районунун аймагында болгондугун жана алар элди тынчтандырууга чыгышкандыгын, ал эми ала-букалыктар жаңжалдын башка тарабында болгондугун белгиледи.

Буга чейин маалымдалгандай, 2018-жылдын 12-июнунда Чаткал районунун тургундары алтын кен казуучу компаниянын ишине нааразычылык билдирип чыгышкан. Анда Чаткалдын Кызыл-Той, Терек-Сай айылынын тургундары Ала-Бука районунун Өрүктү айыл аймагындагы Иштамберди кенин иштеткен «Фулд Голд Майнинг» фирмасына нааразы болушкан. Жергиликтүүлөр аталган фирма кен казууда талаптарды сактабай жатышканын айтышып, өкмөттөн экологиялык зыяндарды текшерүүнү талап кылышкан.

Ал эми Чаткал районунун Терек-Сай айылында сурьма чыгарылган аймакта 2018-жылдын 5-ноябрында чыр чыккан. Анын кесепетинен тез чара көрүү отрядынын кызматкерлери жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Бул аймакта сурьманы өз алдынча казууга тыюу салуу максатында пост уюштурулган болчу. Жергиликтүү тургундун ую ал тарапка өтүп кеткенде, постто турган күзөтчүлөрдөн уйду айдап чыгуу үчүн уруксат сураган. Бирок күзөтчүлөр ал адамды өткөрбөй койгондо эки тараптын ортосунда чыр чыккан.

Айыл тургуну бир аз убакыттан кийин жергиликтүү жаштарды кен чыккан аймакка ээрчитип барган, чыр-чатактын кесепетинен ыкчам чара көрүү отрядынын аскерлери жабыркаган. Отряддын аскерлерине алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин алар ооруканадан чыгарылган. Бул окуя боюнча ээнбаштык жана бийлик өкүлүнө кол салуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×