Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Баракелде, Бишкек 28.01.2019 19:16 На русском

Борбордук аянтка митингге чыккан аял 2 айга камалды

Turmush -  17-январда Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында өткөн митингге катышкан Сокулук районунун тургуну С.Гүлжамила камакка алынды. Бул тууралуу митингде модератор болгон Аманбол Бабакулов бүгүн, 28-январда социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.

Ага карата улуттар аралык кастыкты козутууга аракет жасаган деген айып тагылып жатат. Бул факты Биринчи май РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесиндеги 2-бөлүмдүн белгилери менен каттоого алынган.

Шектүү 23-январдан бери Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында камакта. Прокурордун өтүнүчүн уккан судья А.Субанкулов аны 17-мартка чейин камакка алууну чечкен.

Борбордук аянтта 17-январда саат 10:00дө баштап 13:00гө чейин митинг өткөрүүгө уруксат берилген. Бирок аянттагы адамдар тарабай, аягында милиция кызматкерлеринин жардамы менен таратылган болчу. Тартипти бузду деген айып менен алардын ичинен 20 адам кармалып (алгач 21 адам кармалып, алардын бири журналист экени аныкталгандан кийин бошотулган), алардын ар бирине 3 миң сомдон айып салынган.

Митингчилердин делегациясы Жогорку Кеңешке кирип, талаптарын айтып чыгышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×