Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 09.02.2019 22:31

«Жеңеке»: Мыскал Асымбекова койлорду убагында короого киргизбей, кайнатасынан тил уккан (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Түп районунун Чырпыкты айылына келин болгон 38 жаштагы Мыскал Асымбекова. Ал келиндик доордогу кызыктарын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Мыскал жеңе Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Учурда Чырпыкты айылындагы мектепте мугалим болуп эмгектенет.

«Бишкек шаарында 1980-жылы 1-апрелде — Күлкү күнү төрөлгөм. Ата-энемдин экинчи баласы болгондуктан атам уул төрөлөт деп күтүптүр. Анткени уулусу да кыз болчу. Атама сүйүнчүлөшсө, "тамаша күнү төрөлбөдүбү. Жубайым уул төрөп, бирок кыз деп тамашалап жатышат" деп ойлоптур. Төрөт үйүнө келгенден кийин гана ишениптир.

5-класска чейин Бишкек шаарында №20 мектепте орус тилдүү класста окугам. Эжем экөөбүз тең орус тилдүү класста окугандыктан айылда жашаган таежем "бир кызыңды айылга алып кетип, кыргызча үйрөтүп окутайын" деп мени Ысык-Көл районундагы Чырпыкты айылына алып келген. Ошентип бир дагы кыргызча сөз билбей барып, кыргыз тилин үйрөнүп, кыргызча окуп баштагам. Ал айылда 4 жыл окудум. Ал жерде жүргөндө менден эки класс жогору окуган бала жактырып калып, экөөбүз сүйлөшүп жүрдүк. Жыйынтыгында экөөбүз баш коштук. Турмушка 2001-жылы декабрь айында, кыштын кыраан чилдесинде чыктым. Жолдошум өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, дайыма колдоп турат. Ак менен каранын, жакшы менен жамандын айырмасын үйрөтүп, туура жолго салып, уул-кыздарымдын сабырдуу, калыс атасы болду», - деди ал.

Мыскал Асымбекова кайнене-кайнатасынын атынан атап, элди күлдүргөнүн унутпайт.

«Көлдө улуу кишилерди атынан атабай, тергеп айтабыз. Жаңы келин болгондо кайнене-кайнатамдын аттарын билчү эмесмин. Бир күнү кошуна апа атам менен апамдын атын айтып, чакырып коюуну өтүндү. Мен үйгө кирип, аларды атынан атасам, кайын эжемдер күлүп калышты. Ошентип элди күлдүргөн элем.

Дагы бир окуяны айтып берейин. Бир жолу үйдө балам экөөбүз эле калганбыз. Кезүүдөн койлорубуз келип калыптыр. Балам абдан ыйлаак болгондуктан убакыттын өткөнүн байкабай калыптырмын. Конокко кеткен кайнатам да келип калды. Койлордун короого убагында кирбегенине жини келген атам "чий дөбөгө кетсем да чакырып аласыңарбы?" деп мени урушкан эле. Мен ооба ата, сөзсүз чакырабыз деп жооп бергем. Ошол убакта чий дөбөнүн маанисин билбептирмин. Көрсө атам "өлгөндө да чакырасыңарбы?" деген мааниде айтыптыр.

Мугалим болгондуктан бош убактым аз, бошогондо балдарыма, жолдошума көңүл буруп, үй жумуштары менен алекмин. Окуучуларга, балдарыма татыктуу билим берүүнү максат кылам», - деди ал.

Жеңеке 2 кыз жана 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×