Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуСокулук району 26.01.2019 12:06

Кылмыш иши козголгон Гавриловка айыл өкмөт башчысына көпчүлүк депутаттар ишенбестик көрсөттү. Ага Сокулук акимчилиги макул эмес

Turmush -  Сокулук районуна караштуу Гавриловка айылдык кеңешинин 27-чакырылышындагы депутаттарынын 17-январда өткөн кезектеги жыйынында Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Тагай Бакасовго ишеним көрсөтпөө чечими кабыл алынып, ага 21 депутаттын 15 депутаты макул деген добушун беришкен.

Маалым болгондой, жыйынга жалпы 21 депутат келип, 2 депутат добушка катышкан эмес. Ал эми 4 депутат так оюн билдирген эмес (каршы эмес же макул эмес).

Көпчүлүк депутаттардын добушу менен Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Бакасов Тагайбек Самаркановичке ишенбестик жарыяланып, токтомдун бир даанасы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына жөнөтүлгөн.

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы аталган токтомду карап чыгып, төмөнкүдөй жооп берди.

«Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Бакасов Тагайбек Самарканович Сокулук районунун прокуратурасынын сунушу менен 2018-жылдын 5-февралынан баштап ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун прокуратурасынын 2018-жылдын 20-ноябрындагы №11/31-18 сандуу сунуштамасынын негизинде Бакасов Тагайбек Самаркановичтин кызмат орду кайра калыбына келтирилген. Ошону менен бирге Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы Сокулук районунун прокуратурасынын 2018-жылдын 19-январындагы №11/31-18 сандуу сунуштамасын эске алган. 2018-жылдын 12-декабрынан баштап соттун чечими күчүнө кирмейинче Тагайбек Бакасов өкмөт башчысы кызматынан четтетилген. Бүгүнкү күндө Бакасовдун иши сотто каралууда.

WhatsApp Image 2019-01-26 at 11.28.16

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, жаран соттун чечиминин негизинде гана күнөөлүү деп эсептелинет.

Ал эми Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы Т.С.Бакасовго ишеним көрсөтпөө чечимине макул эместигин билдирет», - деп айтылат маалыматта.

Учурда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин 27 жаштагы Чынарбеков Медербек Чынарбекович аткарып жатат.

Буга чейин Turmush басылмасы Гавриловка айыл аймагынын башчысы Тагай Бакасовго райондук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Кийинчерээк Сокулук районунун прокурору Марат Бусурманкулов Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысына кылмыш иш козголгонун тастыктаган. Прокуратура Гавриловка айылдык кеңешинин төрайымы А.Жанышбекованын жана айылдык кеңештин жамааттык кайрылуусу боюнча текшерүү иштерин жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренесинин (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) негизинде кылмыш иш козголгон. Мындан тышкары, «Ж» ЖЧКнын директору И.М.га Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иш козголду.

«Иш облустук прокуратурага жөнөтүлгөн. Алар УКМК же финансы полициясына өткөрүп берет. Бул иш ошол жактан чечилет. Ал мектептин оңдоп-түзөө иштеринине зыян келтиргени аныкталган», - деди прокурор.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Гавриловка айыл аймагынын башчысы Тагай Бакасов менен байланышканда ал күнөөсүз экенин, чоң саясий оюн жүрүп жатканын белгилеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×