Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Талас облусуКара-Буура району 26.01.2019 11:11

Акыркы жолу күздө суу ичкен, эми жазда ичет: А.Турдубаев үй шартында төө багуунун жолун айтып берди (видео)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын тургуну Аманбай Турдубаев 7 жаштагы төө багып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышып кайтты.

Анын айтымында, төөсү күздөн бери суу иче элек. Ушуну менен жазда суу ичет.

«Төөнү тай кезинде базардан 30 миң сомго алганбыз. Башында эл аябай кызыгып, кармалап көрүп таң калышчу. Анда кичинекей болчу. Төө багуунун башка малдан айырмасы деле жок. Мал эмнени жесе бул да ошону жейт. Жайында жайлоого кетет. Кийин күзүндө келгенде талга байлап коёбуз. Кышы менен ошол талда байланып турат. Чөп салып турабыз. Али күздөн бери суу иче элек. Ушуну менен жазында тоого кетип бара жатканда бир суу ичет. Өзү аябай чыдамкай. Азыр 7 жаш болду. Чөк десең чөгөт, баарын билет, түшүнөт. Бирок көп минилген жок, кичине азоорок болуп калды. Бирок аябай акылдуу», - деди ал.

Аманбай Турдубаев 7 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×