Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Баракелде, Бишкек 25.01.2019 11:00 Жаңыланды: 25.01.2019 15:09

Ырчы Анжелика достук мамиледемин деген Марат Назарбеков тууралуу кызыктуу фактылар

Turmush -  Эстрада ырчысы Анжеликаны Казакстанга тасманын бет ачарына коштоп барган мырзага байланыштуу суроо узаткандар көбөйдү. Ырчы айым Limon.KG басылмасына жанындагы мырза Марат Назарбеков экенин билдирип, достук мамиледе экенин айткан.

Limon.KG басылмасынын редакциясы ысымы көп аталып жаткан Марат Назарбеков тууралуу маалыматтарды топтоду. Бардык маалыматтар ачык булактардан алынган.

- Назарбеков Марат Рысбекович 1981-жылы 29-мартта төрөлгөн. Көп убакыт бою жетекчилик кызматтарды аркалап, мурунку өкмөттүн мүчөсү да болгон. Учурда «Сапат» билим берүү программасынын президентинин кеңешчиси.

Өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновация кызматынын төрагасы болуп эмгектенип, бул кызматтан 2015-жылы бошотулган;

- М.Назарбеков 5 балалуу интеллигенттүү үй-бүлөдө өскөн;

- Атасы Рысбек Назарбеков райондогу ветеринардык станцияны жетектеп, СССР тарагандан кийин Россияда, Казакстанда жана Кыргызстанда ишкерчилик менен алектенген;

- Апасы Умсун Назарбекова орто мектептин директору болуп эмгектенген. Учурда «Аруу жылдыз» ЖЧКнын жетекчиси жана «Vefa Center» бизнес борборунун директору. Сатылган компания 2016-жылдын октябрында кайра каттоодон өткөн. Келишимдеги баа 15 млн доллардан 23 млн долларга чейин жеткен;

- Мурунку жубайы Айжан Ишимова менен расмий түрдө 2004-жылдын 4-ноябрында ажырашкан. Алардын 2 кыз, 1 уулу бар. Мурда Айжан микроблогуна Марат Назарбеков 1 500 000 долларга бааланган үйдө жашап, 100 000 долларлык бир нече унаага ээ экенин жазган;

- Ал эми Анжелика менен Марат «Кыргызпатент» ырчыларга гонорар тапшыруу учурунда таанышкан. Бул тууралуу Limon.KG басылмасына ырчы өзү маек учурунда билдирген болчу;

- М.Назарбеков 12 жашында Бишкектеги кыргыз-түрк «Себат» лицейине кирген. 2003-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун эл аралык мамилелер факультетин аяктаган. Ал кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде сүйлөйт;

- Эмгек жолу Инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетте жетектөөчү адис болуп башталган. Андан кийин Кыргызстандын Экономикалык өнүктүрүү министрлигинде жетектөөчү адис, Өндүрүш, соода жана туризм министрлигинде бөлүм башчы, «Геотехсервис» ЖЧКнын башкы директору болуп эмгектенген. 2007-жылы Алмата шаарында ишкананын финансылык директору болгон;

- Мурунку жубайы М.Назарбековго тиешелүү ири бизнес долбоорлор (Бишкектеги курулуш компания, Алмата шаарындагы «Андерсон» балдардын ресторан-кондитери, «Сере» кафеси ж.б.) бар экенин жазган;

- М.Назарбеков 2013-жылдагы декларациясында толук курулуп бүтө элек үйү, 3 жер тилкеси жана 910 446 сом (бир айлык болжол менен 75 800 сом) эмгек акысы бар экенин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×