Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 25.01.2019 09:22

Сокулукта айыл өкмөттөр арасында көк бөрү боюнча мелдеш башталды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 24-январда Чүйдөгү Сокулук районунун айыл өкмөттөрү арасында көк бөрү боюнча мелдеш башталды. Мелдештин биринчи этабынын жеңүүчүсү Военно-Антоновка айылынын командасы болду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Токтобүбү Ракимбаеванын айтымында, кийинки мелдеш 7-21-февралда, 7-мартта жана финалдык бөлүк 21-март — Нооруз майрамына карата өткөрүлөт. Иш-чаранын башкы максаты — улуттук оюндарды жайылтып, өнүктүрүп жана жаштарды спортко үндөө.

«Ат майданда өткөн мелдешке 9 тайпа катышып, анын төртөө алдыңкы орундарга илинди. 1-орунду Военно-Антоновка айыл өкмөтү, 2-орунду Кызыл-Туу айыл өкмөтү, 3-орунду Жал айыл өкмөтү жана 4-орунду Крупск айыл өкмөтү ээледи», - деди ал.

Жеңүүчүлөргө 1000 сомдон 5000 сомго чейин акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×